Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Сынак КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна ылайык өткөрүлөт.

Бишкек шаары
2013-жылдын 9-апрели N 181

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик
сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Тиркелген: "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
  2. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду төмөнкүдөй белгиленсин:
  • 1-орунга - 3,0 (үч) млн. сом;
  • 2-орунга - 2,0 (эки) млн. сом;
  • 3-орунга - 1,0 (бир) млн. сом.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап отуз күндүк мөөнөттө:
  • айыл өкмөттөрүнүн ортосунда "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары - сынак) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшсүн;
  • сынак өткөрүүнүн жүрүшүн контролдоону жана байгелүү орундарга талапкерлерди көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыз кылышсын;
  • сынак өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча облустук жана райондук комиссияларды түзүшсүн;
  • сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылышсын.
  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы N 177 "Социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү жана жакырчылыкты азайтуу боюнча областтар, райондор, шаарлар жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык сынак уюштуруу жөнүндө" токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы N 33 "Кыргыз Республикасынын айылдагы калктуу конуштарын абаттоо жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.
  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде N 28 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев
 

Версия для печати: print

Иш-чаралар