«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Бүгүн, 2014-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – аким кызматына дайындоо үчүн талапкерди тандоо тартибин өркүндөтүү жана аны кызматынан бошотуу тартибин тактоо болуп саналат. Анткени мыйзамдардагы кемчиликтер кызматка талапкерлерди тандоо процессинде укук пайдалануу практикасында кыйынчылыктарды түзөт.

Ошентип, Мыйзамда экинчи турда жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйынында депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добушту алуу ченеми алынып салынат жана эки талапкердин арасынан шайлоого катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгону талапкер катары эсептелет деп аныкталат.

Бул жол-жобо тиешелүү районго акимди дайындоо маселесин оперативдүү чечүүгө өбөлгө түзөт

Андан тышкары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамдын мурдагы редакциясында эгерде кошмо отурум Премьер-министрге акимдин кызматына талапкерди кайрадан сунуштай албаса Президент Премьер-министрдин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештерди таркатып жибериши каралган.

Мыйзам жергиликтүү кеңешти таратууну караган императивдик (милдеттүү) ченемди Премьер-министрдин Президентке жергиликтүү кеңештерди таратуу тууралуу сунуш киргизүү укугун караган кыйла либералдуу ченем менен алмаштырат

Мындан тышкары акимди кызматынан бошотуу тартибин жөнгө салган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамдын 15-статьясы негиздемелер менен толукталат. Ал толуктоолорго ылайык, аким Премьер-министр тарабынан ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2013-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 14-беренеде:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Эгерде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы болду деп эсептелет. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалып алынды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын ала албаса, добуш берүүнүн биринчи турунун жыйынтыгы боюнча добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн экинчи турун өткөрүү үчүн эки талапкерди аныктоо мүмкүн болбогон учурда добуш берүүнүн экинчи туруна талапкерлерди аныктоо үчүн добуштардын бирдей санына ээ болгон талапкерлердин ортосунда орто аралыктагы тур өткөрүлөт.

Башка талапкерге караганда, добуш берүүгө катышкан депутаттардын көпчүлүк добуштарын алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда тандап алынды деп эсептелет.

Эгерде экинчи турдун жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең добуштардын бирдей санын алган учурда, ошол талапкерлер тандап алынды деп эсептелет жана алардын бирин акимдин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселени чечүү үчүн Премьер-министрге сунуш кылынат.

Акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерди тандап алууну кийинки жыйналышка жылдыруу мүмкүн эмес.”;

5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине талапкерди сунуш кылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү райондун жергиликтүү кеңештерин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

Акимдин бош кызмат ордуна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы тарабынан сунуш кылынган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө дайындалууга жатат.”.

2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:

10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“10) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен колдоого алынса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир депутаттарынын демилгеси боюнча;”;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

“101) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн биринин добуштары менен колдоого алынса, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин демилгеси боюнча.”.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңештери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзамда каралган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде белгиленген тартипке жана мөөнөткө ылайык Жети-Өгүз районунун акимин тандоо жана дайындоо боюнча жаңы жолжоболорду жүргүзсүн.

Кыргыз Республикасынын
Президенти                        А. Атамбаев  

Версия для печати: print

Иш-чаралар