Күн-Чыгыш айылдык аймагы маалымат бюллетенин даярдоо сынагында жеңишке жетишти!

Күн-Чыгыш айылдык аймагы маалымат бюллетенин даярдоо сынагында жеңишке жетишти!

Сынак “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында уюштурулган окутуунун жүрүшүндө өткөрүлдү.

2014-жылдын 8-октябрында Каракол шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат бюллетенин даярдоо боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сынак Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир айылдык аймактарынын ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышкан эки күндүк окутуунун алкагында уюштурулган. Окутууда жалпысынан 15 айылдык аймактан 35 адам катышты.

Окутуунун максаты - маалымат менен алмашуу жана жарандык катышууну күчөтүү, ЖӨБ органдарынын ишинде айкындуулукка жана ачыктыкка жетүү болгон. Иш-чара Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар маалымат бюллетенин чыгаруу үчүн маалымат топтоо, аны даярдоо жана андан ары жайылтуу жолдору тууралуу жаңы көндүмдөргө ээ боло алышты. Мындан сырткары, алар сүрөттөрдү, сандарды, таблицаларды жана башка графикалык элементтерди бюллетенди жасоодо пайдалануу үчүн даярдоо процесси тууралуу кошумча маалымат алышты.

"Биз бюллетенди жасоо тажрыйбасын иш жүзүндө көрсөтүүгө басым жасагыбыз келген, - дейт Гуляим Шамшидинова, Долбоордун ЖӨБ боюнча адиси. - ЖӨБ органдары өз айыл аймактарында көптөгөн ийгиликтерге жетишишет, бирок алардын бардыгы эле ал жетишкендиктерди жана башка ийгиликтери тууралуу элге туура маалымдоону биле беришпейт. Натыйжада, калк АӨ эч нерсе жасабай эле, бюджеттик каражаттарды жеп коюшту деген пикирде, ал эми ЖӨБ органдары өз отчеттору менен ыраазы болуп кала беришет. Бардыгы үчүн абал эч өзгөрбөстөн кала берет жана аягында бул жагдай калк менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы арааздашуу күчөй берет. Так ошол себептен биз бул окутууну өткөрүү демилгесин көтөрдүк".

Катышуучуларга дем берип, аларды шыктандыруу үчүн, ошондой эле мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү максатында тренингдин эң башында эң мыкты бюллетенди даярдоого сынак жарыяланган. Окутуунун соңунда сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы чечиминин негизинде, байгелүү орундар жана шыктандыруучу байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык аймагына ыйгарылып, Canon PowerShot SX 170 маркасындагы санарип фотоаппарат жана көлөмү 8 Гб болгон маалымат топтогуч тапшырылды.
  • 2-орун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык аймагына ыйгарылып, Canon PowerShot IXUS 155 маркасындагы санарип фотоаппарат жана көлөмү 8 Гб болгон маалымат топтогуч тапшырылды.
  • 3-орун Ысык-Көл районунун Кара-Ой жана Тоң районунун Б.Мамбетов айылдык аймактарына ыйгарылып, USB-модем жана көлөмү 16 Гб флэш-топтогуч тапшырылды.

USB-модем, органайзер жана флэш-топтогуч өңдүү шыктандыруучу байгелер Арал, Улахол, Бостери, Чоң-Сары-Ой, Ананьево, Кажы-Сай, Тоң, Ак-Дөбө, Липенка жана Төрт-Күл айылдык аймактарына тапшырылды.

Окутуунун катышуучуларынын пикирлери боюнча, окутуудан алар көпьөгөн жаңы нерселереди үйрөнүштү жана ЖӨБ органдарынын иш аракеттери менен калктын айылдагы жашоосу тууралуу маалымат-жаңылыктарды кандай жол менен жеткирүү керек экендиги тууралуу жаңы идеялары пайда болду. "Мен мурда деле көптөгөн окутууларга барат элем, бирок бул окутуу өзгөчө болду, - дейт Тоң айылдык аймагынын өкүлү. - Бүгүн мен бардык эле окутуулар натыйжалуу боло бербегендигине жана жаңы нерсе үйрөтө бербегендигине дагы бир жолу ынандым. Мен жеке өзүм дагы мындай натыйжага жетем деп ойлогон эмесмин! Бул окутуунун өзгөчөлүгү болуп, биз өзүбүз бюллетень жасап, аны окутуунун аягына чейин даяр кылып бойгондугубузда болду!".   

Версия для печати: print

Иш-чаралар