• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • ЖӨБ менен адаттагы ММК ортосундагы байланыштыруучу звено катары жамааттык ММКнын ролун талкуулоо...

ЖӨБ менен адаттагы ММК ортосундагы байланыштыруучу звено катары жамааттык ММКнын ролун талкуулоо боюнча "тегерек стол" өтөт

ЖӨБ менен адаттагы ММК ортосундагы байланыштыруучу звено катары жамааттык ММКнын ролун талкуулоо боюнча "тегерек стол" өтөт

Иш-чара 13-февралда саат 14:00дө Golden Tulip мейманканасында болуп өтөт.

Дүйнөдө, өлкөдө, кичи Мекенибизде орун алган окуялар – дегеле бардыгы тууралуу биз бүгүнкү күндө интернеттен, телевидениеден, радио жана гезиттерден маалымат алабыз. Ал арада ММКнын өзү калкты маалымдоонун натыйжалуу ыкмаларын жана аспаптарын, жаңылыктарды сунуштоонун жаңы түрлөрүн дайыма издеп, күн сайын озуп чыгуу жана өнүгүү маселелерин чечип келет. ММКнын назары борбор калаадагы окуяларга бурулган. Бирок бул журналисттерге элет жергеси кызык болбогон үчүн эмес, Кыргызстандын айылдарынан жана шаарларынан маалыматтын толук кандуу агымын камсыздай ала турган ресурстар ММКда жетишсиз болгондуктан улам ушундай көрүнүшкө күбөбүз. Ошол эле кезде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши, жергиликтүү маанидеги маселелер – жолдор, суу, бала бакчалар жана башка көптөгөн турмуштук маселелер өлкө калкын кызыктырат, алар аймактагы кабарларга да муктаж. Ошол эле учурда муниципалитеттердин өздөрү да муниципалдык башкаруу жаатындагы мыкты тажрыйбалар тууралуу көлөмдүү жана мыкты сапаттагы маалыматка суусап турушат. Алар “өз казанында эле кайнай” бергенден чарчашты. Аларга жаңы башкаруучулук технологиялар тууралуу маалымат керек болууда. Борбордук жана аймактык ММК ортосунда маалымат алмашууну кантип күчтөндүрсө болоору тууралуу 13-февралда саат 14:00дө Golden Tulip мейманканасында өтө турган “Аймактардын маалымат мейкиндиги: бурмалоолор, боштуктар жана коммуникациялык ажырымдар. ЖӨБ менен адаттагы ММК ортосундагы байланыштыруучу звено катары жамааттык ММКнын ролу” деп аталган “тегерек столдо” сөз болот.

Бул маанилүү теманы талкуулоонун демилгечиси жана уюштуруучусу болуп Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашыруунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту чыгууда. Талкууга катышуу чакыруусуна Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери, элчиликтин өкүлдөрү, борбордук жана аймактык ММКнын редакторлору жана алдыңкы журналисттери, бейөкмөт уюмдардын эксперттери жана башкалар макулдугун берди. Бул болсо аталган маселе бышып-жетилип, көңүл чордонунда турганынан кабар берет.

Тегерек столдун программасына ЖӨБны аймактык журналисттер үчүн толук кандуу маалымат булагы катары кароого болоорун көрсөткөн сөздөр жана презентациялар; муниципалитеттер арасында түз маалымат алмашуулар кирди; жамааттык ММКнын ролу, коррупциялык кылмыштар тууралуу расмий статистиканын мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу маалыматтардын берилиши жана бурмаланышы тууралуу айтып беребиз.

Тегерек столдун экинчи бөлүгүндө “Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” темасына аймактык массалык маалымат каражаттары арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул чыгармачыл мелдешти Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү бюджетке жана жалпысынан аймактык экономикага арналган тең салмактуу журналисттик иликтөөлөрдү, репортаждарды жана аналитикалык макалаларды даярдоодо журналисттерге дем берүү максатында 2014-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейинки мезгил аралыгында өткөргөн.

Байге фонду 360 000 сомдун тегерегинде болду. Сынакка Кыргызстандын бардык облустарынан 31 автордон 160 материал түштү (57 – басма, 78 – интернет жана 25 – эфирдик ММК).

Курамына финансы жана медиа жаатындагы көз карандысыз эксперттер, бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик сектордун, эл аралык донордук уюмдардын жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү кирген калыстар тобу алган баллынын саны боюнча сынактын 16 лауреатын аныктады. Аларга дипломдор жана акчалай байгелер тапшырылат.

Кошумча:

  • Программа

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар