Жалал-Абад облусунун жарандык коом уюмдары сынактын жеңүүчүлөрү деп табылды!

Жалал-Абад облусунун жарандык коом уюмдары сынактын жеңүүчүлөрү деп табылды!

Сынак Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын бейөкмөт уюмдарынын арасында болуп өткөн.

2015-жылдын 27-февралында Бишкек шаарында “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” деп аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Сынак Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында уюштурулуп, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отчеттуулукка жетүүдө жарандардын укуктары үчүн күрөштө ийгиликке жетишкен жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларды шыктандыруу максатында өткөрүлгөн.

Сынактын шарттарына ылайык, ага катышууга БӨУ катары катталган жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылган.

Жалпысынан сынакка жарандардын бюджеттик процесске чындап катышуусун жана бюджеттик айкындуулукка, ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүнүн түрдүү механизмдери БӨУ тарабынан жигердүү колдонулуп жатканын тастыктаган 12 мисал сүрөттөлгөн табыштама келип түшкөн.

Сынак комиссиясынын чечимине ылайык, жеңүүчү деп төмөнкү уюмдар табылган:

  • 1-орун – "Актектир айылынын тургундарын бюджеттик процесске тартуу иш-чаралары", Жалал-Абад облусунун «Келечек» жамааты, байгеси 100 000 сом.
  • 2-орун - "Биздин бюджеттин ачыктыгы" семинары", Жалал-Абад облусунун «Аймира» Коомдук фонду, байгеси 80 000 сом.
  • 3-орун – "Киреше бөлүктү көбөйтүүгө өз салымыбызды кошолу!" деген аталыштагы айылдык кенештин сессиясы", Жалал-Абад облусунун "ЛАРК Ала-Бука" Коодмук фонду, байгеси 70 000 сом.

Мындан сырткары комиссиянын чечими менен ар бири 25 миң сомго барабар болгон 4 байге төмөнкү уюмдарга берилди: 

  • "Ысык-Көл жаштары ачык бюджет үчүн" долбоору, "Атуул" Коомдук бирикмеси, Ысык-Көл облусу,
  • "Жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угуулар", "Бөкөтөй-Барак" Коомдук бирикмеси, Ысык-Көл облусу,
  • "Бюджеттик процесске калктын салымы", ӨЖТ "Ак Бермет", Ысык-Көл облусу,
  • "Инвесторлор менен кызматташууда бюджеттердин ачыктыгын камсыздоо механизмдерин иштеп чыгуу", "Бюджеттик процессти стратегиялоо борбору" Коомдук бирикмеси, Жалал-Абад облусу.

Бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери өз сыйлыктарын, дипломдорун жана, сынактын шартына ылайык, байге өлчөмүнө барабар болгон кеңсе буюмдарын, техникалык жабдууларды алып кетишти.

Версия для печати: print

Иш-чаралар