Дагы 29 жаңы грант: балдар, жаштар, спорт жана маданият

Дагы 29 жаңы грант: балдар, жаштар, спорт жана маданият

2015-жылдын январынан февралына чейинки мезгил аралыгында бардык пилоттук муниципалитеттерде долбоордук сунуштар жергиликтүү калкка тартууланды.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын өнөктөш муниципалитеттеринде Чакан гранттар программасына катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча элеттик чогулуштар өткөрүлдү.

Өнөктөш муниципалитеттердеги жамааттар бул Чакан гранттар программасына биринчи жолу катышып жаткан жок. Буга чейин, 2012-2014-ж.ж. муниципалитеттерде ЖӨБ органдарынын күчү менен ЭКБА-иш-чараларынын комплекси өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө элеттеги өтө маанилүү маселелер аныкталып, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтор түзүлгөн. Ошондой эле бул иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча алдыдагы эки жылга Биргелешкен аракеттер планы иштелип чыккан.

Ар бир демилгелүү топ өзүнүн долбоордук сунушун даярдап, анын баары элеттик чогулуштардын катышуучуларына көрсөтүлгөн. Бардык муниципалитеттерде добуш берүү процесси ачык өтүп, катышуучулардын баары өз пикирлерин жигердүү билдирип турушту. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы муниципалитетте бала бакча үчүн эмерек сатып алыш керекпи, же сугат суу менен камсыздоо үчүн насос сатып алуу туура болобу, же болбосо спорттук шаймандар көбүрөөк керекпи дегендин тегерегинде узакка созулган талаш-тартыштын жүрүшүндө спорттук шаймандарды сатып алуу боюнча долбоорго токтолушту.

Демилгелүү топтордун мүчөлөрү өз долбоорлорун катышуучуларга тааныштырып жатып, дал ошол долбоор маанилүү жана керектүү экенин, андыктан аны көпчүлүк колдоп бериш керектигин ырастап, жүйөлөрүн келтирип жатышты. Долбоорлордун баары менен тааныштырган соң жергиликтүү тургундар ой-пикирлерин айтып, эң артыкчылыктуу долбоор үчүн добуш беришти.

2015-жылдын январынан февралына чейинки мезгил аралыгында бардык пилоттук муниципалитеттерде долбоордук сунуштар жергиликтүү калкка тартууланды. Элеттик чогулуштарга катышкан бардык жашоочулар чукул арада чечилүүгө тийиш болгон актуалдуу көйгөй үчүн добуш бере алышты. Жалпы элдик талкууларга айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл лидерлери, аксакалдар, ошондой эле айылдын жаштары катышты. Баары болуп 29 элеттик чогулушка жергиликтүү жамааттын 4 116 мүчөсү катышты. Анткен менен катышуу деңгээли ар кайсы жерде ар башка болду. Эгерде бир муниципалитетте өткөн чогулушка 56 киши катышса, башка жерде катышуучулардын саны 400гө чейин жетип жатты.

Ар бир муниципалитетте демилгелүү топтор бери дегенде үч артыкчылыктуу долбоорду сунушташты. Алардын көбү төмөнкү маселелерге тиешелүү болду:

  • мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө жеткиликтүүлүк;
  • жаштардын маселелери (маданият үйлөрү, спорт залдар);
  • КТК чогултуп чыгаруу;
  • ички жолдорду оңдоо;
  • ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо;
  • көчөлөрдү жарыктандыруу.

Пилоттук муниципалитеттер гранттык каражат алууга табыштамалардын формаларын толтуруп, ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна өткөрүштү. Долбоор берген чакан гранттардын жалпы суммасы 13 245 800 сомду түздү. Долбоордун 29 өнөктөш муниципалитети айылдын негизги артыкчылыктуу көйгөйүн чечүүгө 400 000 сомдон алышты. Ошондой эле жергиликтүү жамааттын мааниси жагынан экинчи жана үчүнчү даражадагы артыкчылыктуу маселесин чечүү үчүн кошумча 63 300 сомдон берилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гана эмес, ошондой эле жашоочулардын өздөрү да маселени чечүүгө жигердүү катышыш керек деген шартта конкреттүү маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү муниципалитеттер үчүн Долбоорго катышууда артыкчылык болуп эсептелет.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык аймагынын Кызыл-Суу айылынын башчысы Токсобай ТОСТОКОВ таштанды маселесин чечүү боюнча жамааттын планына мындайча баа берди: “Элеттик чогулушта биз трактор үчүн кошумча жабдуу сатып алуу боюнча долбоорду тандаганбыз. Эми бардык айылдар үчүн техника качан, кайсы маалда иштей турганын аныктаган графикти бекитип, КТКны чогултуп чыгарууну уюштуруш керек. Бирок эгерде бул иштер графикке ылайык аткарылбаса, даттануулар болоорун бөркүмдөй көрүп турам”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар