Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 27 айылдык аймагында 2016-жылга бюджетти түзүү боюнча коомдук угуулар өтөт

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 27 айылдык аймагында  2016-жылга бюджетти түзүү боюнча коомдук угуулар өтөт

Угуулар жергиликтүү бюджеттердин 2016-жылга чыгашаларын жана кирешелерин пландоо процессине калкты тартуу максатында өткөрүлүүдө.

2015-жылдын 5-июнунан 20-июнуна чейинки мезгил аралыгында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын элеттик муниципалитеттери 2016-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

Угуулар жергиликтүү бюджеттердин 2016-жылга чыгашаларын жана кирешелерин пландоо процессине калкты тартуу максатында өткөрүлүүдө. Угуулар жарандарга жергиликтүү бюджет деген эмне экенин, ал кантип түзүлүп, кантип сарпталарын түшүнүүгө жардам берет. Бирок бюджетти пландоодо жарандардын артыкчылыктарын эсепке алуу ЖӨБ органдарынын маанилүү милдети болуп эсептелет. Мисалы, бул жылы кайсы жолду ондош керек, ал эми кийинки жылы кайсынысын оңдоп-түзөсө болот? Кайсынысы маанилүү – мектеп стадионунун тегерегин курчообу, же китепкананын ремонтубу? Мындай чечидер жергиликтүү жамаат менен кеңешкенден кийин гана кабыл алынууга тийиш!

“Бюджетти түзүү боюнча ушул өңдүү коомдук угуулар “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Бул мыйзамды аткаруу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин баштапкы долбоорун түзүп чыгышат жана жергиликтүү калктын катышуусу менен бюджетти түзүү боюнча коомдук бюджеттик угууларды (мындан ары – КБУ) өткөрөт, - деп айтып берди “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Коомдук угуулар өнөктүгүнөн кийин Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарында “Жарандардын бюджеттик процесске реалдуу катышуусу” сынагына катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул сынактын жылдык байге фонду 350000 сомду түзөт”.

Калкты жана жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мүмкүн болушунча көбүрөөк тартуу максатында ЖӨБ органдары атайын маалымат өнөктүгүн өткөрөт. Анын алкагында чакыруу баракчалары таратылып, пландалып жаткан иш-чара тууралуу кыска маалыматты камтыган плакаттар ар бир айылда илинет. Ал эми иш-чара өтчү күнү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мүмкүн болушунча көбүрөөк эффективдүүлүккө жетүү жана туура маалыматты жеткирүү үчүн беренелер боюнча бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү менен атайын иштелип чыккан таратып берме материалдар таркатылат.

Иш-чаралар долбоордун консультациялык жана техникалык жардамы менен өткөрүлөт.

Толугураак маалымат үчүн: Нургуль Жаманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун маалымат саясаты боюнча адиси, тел.: 0312 976530 (кошумча - 107), моб.: 0770 771711, 0555 313385, э-дарек: njamankulova@dpi.kg

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар