• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • ЖӨБ органдары: «Дем берүүчү грантты алууда жаңы талаптар биз үчүн айкын жана түшүнүктүү болуп калды»

ЖӨБ органдары: «Дем берүүчү грантты алууда жаңы талаптар биз үчүн айкын жана түшүнүктүү болуп калды»

ЖӨБ органдары: «Дем берүүчү грантты алууда жаңы талаптар биз үчүн айкын жана түшүнүктүү болуп калды»

2015-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейинки мезгил аралыгында “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо” темасына бир күндүк окутуучу иш-чаралар өткөрүлдү.

2015-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейинки мезгил аралыгында Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын чегинде “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо” темасына бир күндүк окутуучу иш-чаралар өткөрүлдү. Окууга райондук администрациянын, элеттик жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык кеңештердин, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) 270 өкүлү катышты.

Окуу үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдык аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча билим жана көндүмдөрдү берүү максатында уюштурулган. Белгилей кетчү жагдай, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга түздөн түз катышкан. Ал китептер окуунун жүрүшүндө тартууланды.

КР Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүм башчысы Жибек ДҮЙШЕЕВАнын айтымында, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга Өкмөттүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын эсебинен долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо тууралуу Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндө” жаңы токтому тууралуу маалымат берилди. Буга кошумча катышуучуларга долбоорлорду тандап алуунун жана бекитүүнүн жол-жоболору, долбоорлорду тандап алуу жана бекитүү боюнча комиссиянын иши, даярдоонун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболору тууралуу маалымат берилди.

Катышуучулардын өздөрү болсо дем берүүчү гранттарды алуунун жаңы талаптары ЖӨБ органдары үчүн дагы да айкын жана түшүнүктүү болуп калганын белгилешти.

“Бизге жеңил жана кызыктуу болуп калды, себеби ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында биз бардык гранттык процесстен өттүк”, - деди Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Н. УМАРОВА.

Башка бир катышуучу – Торкен айылдык аймагынын АӨ башчысы М.КАДЫРКУЛОВдун айтымында, дем берүүчү грантты алуунун жолжоболору айкын жана ыңгайлуу болуп калды: “Эгерде мурда чечимдер республикалык деңгээлде Финансы министрлигинде кабыл алынып келсе, эми болсо райондук деңгээлде комиссия түзүлүп, ошол чечим кабыл алып калды. Биз дем берүүчү грант боюнча сынакка катышабыз.

ӨСИнин долбоорунан грант алгандар бул талаптарды жана жол-жоболорду билүүгө тийиш. Себеби ЭҮЖӨБОЖ долбоору да ушул өңдүү схема менен иш алып барат”.
 

Версия для печати: print

Иш-чаралар