Сокулук районунун Күн-Туу айылдык аймагы 2016-2017-жылдарга Биргелешкен аракеттер планын бекитти

Сокулук районунун Күн-Туу айылдык аймагы 2016-2017-жылдарга Биргелешкен аракеттер планын бекитти

Планды талкуулоо бүгүн, 15-декабрда Күн-Туу айылында жергиликтүү калктын катышуусу менен болуп өттү.

2015-жылдын июнь айында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Швейцария өкмөтүнүн каржылоосунда ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору Чүй облусунун аймагында ишке ашырыла баштаган. Облустун айылдык аймактарынын арасынан максаттуу муниципалитеттерди тандап алуу үчүн жарыяланган атайын сынактын жыйынтыгы боюнча 11 айылдык жана 1 шаардык муниципалитет тандалып алынган.

Тандалып алынган айылдык аймактардын арасында Сокулук районуна караштуу Күн-Туу аймагы да өнөктөшүү тууралуу Меморандумга кол коюп. ошол күндөн тарта Долбоордун алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга катышып келүүдө.

Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык аймакта өткөрүлгөн жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иш-чараларынын көрүнүктүү натыйжаларынын бири катары Биргелешкен аракеттер планынын иштелип чыгышы болду. План 2016-2017-жылдары ишке ашырылуучу иш-чаралар, аларды аткаруучулар жана каржы булактары талкууланды.  

Күн-Туу айылдык аймагында өткөрүлгөн ЖМБА иш-чараларынын натыйжасында аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөр жалпы жыйында каралып, алардын ичинен эң көп добушка ээ болгон 7 көйгөй артыкчылыктуу деп табылган:

  • Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтын жетишсиздиги ( Кунтуу, Чон-Жар)
  • Таза суунун жетишсиздиги   (Бардык айылдарда)
  • Мектепке чейинки билим берүүгө шарттын начардыгы  (Бардык айылдарда)
  • Спорт менен машыгууга шарттын жоктугу  (Чон-Жар, Шалта, Кичи Шалта айылдарында)
  • Көчөлөргө жарыктандыруунун жоктугу (Шалта, Кунтуу жана Кичи Шалта айылдарында
  • Жолдордун начар абалы (Бардык айылдарда)
  • Маданиятты өнүктүрүүгө шарттын жоктугу (Шалта айылында)

Аныкталган көйгөйлөрдү БАПка киргизилип, алар 2016-2017-жылдары чечилүүсү зарыл экендигин жыйынга келген катышуучулар белгилеп өтүштү. 

Талкуунун соңунда План көпчүлүктүн колдоосу менен бекитилди. Аны менен катар аталган маселелерди чечүүнүн үстүнөн иш алып бара турган Демилгечи топтордун жана алардын үстүнөн жалпы көзөмөл жүргүзүүчү Бирдиктүү мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү эл талкуусуна коюлду. Сунушталган топтордун кээ бирөөлөрүнө дагы бир нече каалоочулар кошулуп, топтордун курамы дагы бекитилди.

Жыйындын акыркы бөлүгүндө айылдык аймактын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн сүрөттөр жана плакаттар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, ал балдарга ардак грамоталары жана кызыктыруучу байгелер тапшырылды. Мындан сырткары, жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактын турмушуна кайдыгер карабаган жана жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарын аныктоодо өзгөчө салымын кошкон тургундарга жана айыл өкмөт кызматкерлерине ардак грамоталары тапшырылды.

Версия для печати: print

Иш-чаралар