Кочкорбаев аймагынын ЖӨБ органдары жергиликтүү калк менен кызматташууга чакырат!

Кочкорбаев аймагынын ЖӨБ органдары жергиликтүү калк менен кызматташууга чакырат!

Кызматташуунун биринчи кадамы катары 17-декабрь күнү элдки жыйында сунушталган Биргелешкен аракеттер планынын долбоору болду.

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кочкорбаев айылдык аймагынын Кеңеш айылында 2015-жылдын 17-декабрында жалпы элдик жыйын болуп өттү.

Жыйын жергиликтүү мектептин окуучуларынын күчү менен даярдалган чакан концерт менен башталып, элдин маанайын арттырды. 

Жыйындын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул жылдын июнь айынан тарта кызматташууну сунуштаган Швейцария өкмөтүнүн "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында иштелип чыккан Биргелешкен аракеттер планынын долбоору болду. Эки тараптуу кызматташуга багытталган Меморандумдун шарттарына ылайык иштелип чыккан бул план – 2016-2018-жылдарды камтыган. 

2015-жылдын жай-күз мезгилдеринде айылдык аймактын активисттери жана жергиликтүү жамааттардын лидерлери менен биргеликте ЖӨБ органлдары тарабынан өткөрүлгөн жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иш-чараларынын негизинде аныкталган көйгөйлөр жалпы добушка коюлуп, алардын ичинен артыкчылыктуу деп 7 көйгөй табылды. Бул көйгөйлөр бүгүнкү элдик жыйындын катышуучуларынун кароосуна жана талкуусуна сунушталды:

  1. Буденовка жана Кеңеш айылдарында таза суунун жетишсиздиги.
  2. Кеңеш жана Курманалиев айылдарында жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтын жетишсиздиги.
  3. 3 айылда жолдордун начар абалы жана Курманалиев айылында жаңы конушта көпүрөнүн жоктугу.
  4. Буденовка жана Кеңеш айылдарында сугат суунун жетишсиздиги.
  5. 3 айылда ФАПта врачтын жоктугу.
  6. Буденовка жана Кеңеш айылдарында таштандыны чогултуунун уюшулбагандыгы.
  7. Курманалиев айылында мектепке чейинки билим берүүнүн уюшулбагандыгы.

Элдин талкуусуна коюлган бул көйгөйлөр катышуучулар тарабынан кызуу маек жаратып, көптөгөн суроолор жана сунуштар түштү. Өзгөчө көңүл жергиликтүү Суу пайдалануучулардын бирикмеси тарабынан козголгон суу үчүн карыздардын маселесине бурулду.

Түшкөн суроолорго тиешелүү адистер тарабынан жооп берилип, сунуштар каралып чыгып, Пландын долбооруна ылайыкташтырылып, туура келгени киргизилет деп атйылды.

Жыйындын соңунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, айылдык аймактын өнүгүүсүнө басымдуу салымын кошкон жергиликтүү активисттер, лидерлер жана башка тараптар ардак грамоталар менен сыйланышты. Мындан сырткары, айылдык аймактын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн "Мен жашаган аймак” деген аталыштагы сүрөт жана плакат сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө грамоталар менен кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Версия для печати: print

Иш-чаралар