• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жыйынтыктарын баалоо усулу талкууланды

Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жыйынтыктарын баалоо усулу талкууланды

Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жыйынтыктарын баалоо усулу талкууланды

Талкууга 30 киши, анын ичинде мамлекеттик органдардын кадр кызматтарынын адистери жана Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын жооптуу катчылары катышты.

2015-жылдын 30-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун натыйжалуулугун баалоо тартиби тууралуу Методикалык окуу китебинин долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.

Талкууну ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (КР МКК) окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин АЛИШЕРОВ өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү боюнча МККнын иши – окутуу жаатында даярдалган ЧУА, 2014-2015-жылдарга жана 2016-жылга Мамлекеттик тапшырык, КР МКК усулдук окуу китептери жана аларды тестирлөө тууралуу айтып берди. Өз кезегинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун улуттук деңгээлде иштөө боюнча менеджери Асель МАМБЕТОВА Долбоор менен КР МККнын биргелешкен ийгиликтүү ишин, муниципалдык кызматчыларды окутуу усулдарын иштеп чыгуу жаатындагы жетишкендиктерди белгилеп, даярдалган окуу модулдары, Методикалык окуу китептерин тестирлөө жана Окууну баалоо боюнча Методиканын долбоору тууралуу айтып берди.

КР МККнын окуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн адиси Медер ИСМАИЛОВ жана Долбоордун адиси Салих КАДЫРБЕКОВ катышуучуларга окууга болгон керектөөнү аныктоо методикасынын долбоорун сунуштап, суроолорго жооп беришти. Негизинен суроолор жана каалоо-тилектер тренерлердин квалификациялык сапаттарына, курстардын жана аттестациялардын тематикалык мазмунуна, ошондой эле жаңы дайындалган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын окуусун уюштурууга тиешелүү болду. Ошондой эле курстун материалдарын электрондук версияда сактоо, же узак аралыктан окуу, мамлекеттик тапшырыктын алкагында окуу сапатын жогорулатуу тууралуу сунуштар түштү. Бардык каалоолор жана сунуштар деталдуу түрдө таанышып чыккандан кийин КР МККнын дарегине жиберилери айтылды. Андан кийин сунуштар иштетилип чыгып, балким Окуу китебинин долбооруна кошулушу ыктымал. Талкууга 30 киши, анын ичинде мамлекеттик органдардын кадр кызматтарынын адистери жана Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары катышты.

Версия для печати: print

Иш-чаралар