• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Ильич муниципалитетинин АӨ жооптуу катчысы: “Тренингден кийин эмне үчүн калкты иш-чарага чакырганда...

Ильич муниципалитетинин АӨ жооптуу катчысы: “Тренингден кийин эмне үчүн калкты иш-чарага чакырганда алардын санын камсыздоодо кыйынчылыктар болгонун эми түшүндүм”

Ильич муниципалитетинин АӨ жооптуу катчысы: “Тренингден кийин эмне үчүн калкты иш-чарага чакырганда алардын санын камсыздоодо кыйынчылыктар болгонун эми түшүндүм”

2015-жылдын 19-ноябрында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында “ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракети: коомдук катышуунун, чогулуштардын жана жашоочулардын жыйындарынын формалары” темасына тренинг өттү.

Тренингге 19 киши катышып, алардын ичинде беш пилоттук жана беш пилоттук эмес муниципалитеттерден айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышты.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жарандардын катышуусу боюнча адиси Айнура БАЛАКУНОВА катышуучуларга жарандардын ЖӨБго катышуусу боюнча ченемдик база, чогулуштар жана айылдык жыйындарда каралган маселелер, айылдык жыйындарды өткөрүү мезгилдүүлүгү жана демилгеси, аларды өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору тууралуу материалдарды берди. Тренинг айыл өкмөтүнүн адистерин жана айылдык кеңештин депутаттарын коомдук иш-чараларды өткөрүүдө алардын көндүмдөрүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү. Экинчи милдет –жергиликтүү жамааттардын демилгелүү топторунун мүчөлөрүн коомдук иш-чараларга катышуу үчүн тартуу. Көндүмдөрдү биротоло бекемдөө үчүн практикалык көнүгүүлөр да каралып, анын жүрүшүндө ЖӨБ органдары жана демилгелүү топтордун мүчөлөрү чогулушка даярданышты.

Тренингге чейин жана андан кийин толтурулган тесттердин жыйынтыгына ылайык, катышуучулардын билими 56% өскөн. Буга кошумча ЖӨБ органдарынын кызматкерлери чогулушту өткөргөнгө чейин жана андан кийин маалымат өнөктүктөрүн уюштуруу, баяндамаларды даярдоо жана аны калк алдына алып чыгуу боюнча көндүмдөрүн өздөштүрүштү; ЖӨБ органдарында жарандардын чогулуштарда маселелерди талкуулоого катышуусу аркылуу жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерге чечүүгө тартуу даярдыгынын даражасы өстү. Тренингдин жыйынтыктары боюнча чогулуш өткөрүүнүн реалдуу даталары аныкталып, анын программасы түзүлдү; чогулушту даярдоо жана өткөрүү боюнча текшерүү барагы иштелип чыкты; чогулуш өткөргөнгө чейин болчу маалымат өнөктүгүнүн материалдары даярдалды.

Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы К.ТҮЛЕБАЕВдин айтымында, тренингдин материалдары ыңгайлуу болуп, алдыдагы чогулуштарга талап кылынган деңгээлде даярданууга жардам берди.

Ильич пилоттук эмес муниципалитетинин өкүлү – жооптуу катчы Э. МАМЫТОВАнын айтымында, тренинг тааныш процесстерге арналып, бирок аларды башкача көз менен кароого жардам берди: “Тренингдин башында “бул тема мага абдан жакшы тааныш” деп өзүмө айтчумун. Анткени биз чогулуштарды өткөрүп жүрөбүз да. Бирок окуу процессинде эмне үчүн калктын катышуусун камсыздоодо кыйынчылыктар болуп турарын түшүндүм. Көрсө, биз чогулуштарга көп жакшы даярданбайт экенбиз – эки апта мурда эмес, көп болсо биржума  калганда кам ура баштайбыз. Ошондой эле мен үчүн текшерүү барагы жана жарандардын мотивациясы өңдүү аспаптар жаңылык болду”.

Жергиликтүү жамааттын лидери Г. КИЧИГИНА калк үчүн афишаларды, жарыяларды жана чакыруу барактарын даярдоого чын ниети менен катышкан: “Биз, жергиликтүү жамааттын лидерлери, бул материалдарды өз ара бөлүштүрүп алып, айылда илип чыгабыз. Эгерде ушундан кийин жердештерим чогулуштарга дагы да жигердүү катыша баштаса, бул жеке мен үчүн чоң жетишкендик болот!”. 

Коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары / Практикалык окуу китеби / “Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” окуу материалдарынын топтому. Үчүнчү бөлүк. / Добрецова Н., Балакунова А., Мусаева А., Градваль С. – Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2015.

Версия для печати: print

Иш-чаралар