• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Чакан гранттар программасы 2016 сынагынын алкагында Чүй облусунун дагы 3 муниципалитети 1 миллион...

Чакан гранттар программасы 2016 сынагынын алкагында Чүй облусунун дагы 3 муниципалитети 1 миллион сомдон гранттык жардам алышат

Чакан гранттар программасы 2016 сынагынын алкагында Чүй облусунун дагы 3 муниципалитети 1 миллион сомдон гранттык жардам алышат

Мындай чечим Сынактык комиссия тарабынан бүгүн, 18-апрель күнү чыгарылды.

“Сынакка келип түшкөн 31 долбоордун ичинен мурда маалым болгон 14 муниципалитетке кошумча дагы 3 муниципалитеттин долбоорун колдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду, – деди комиссия мүчөлөрү. – Ал 3 долбоор жалпы упайлары боюнча биринчи 14 долбоордун артынан келе жаткан долбоорлор болот.Ә. 

Мындай чечимин комиссия байге фондунун каражаттары АКШ долларында болгондугунан улам, АКШ долларынын Кыргыз сомуна болгон катышынын айырмачылыгында деп айтты.  

“Бул 3 долбоор Сынактык комиссиянын 2016-жылдын 30-мартында чыгарган чечимине ылайык жеңүүчү деп табылган 14 муниципалитеттеин долбоорлорунан кийин келе жатышкан, – деп өз пикирин айтат Султан Майрамбеков, Долбоордун грант боюнча адиси. – Биздин Долбоордун алкагында жергиликтүү көйгөйдү чечүүгө багытталган дагы 3 долбоор колдоого алуу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болгодугуна абдан чоң кубанычтабыз. Албетте, бул 3 долбоорду даярдаган муниципалитеттердин өкүлдөрү дагы КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда өтүүчү мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өтүшөтү Бул окуу биздин Долбоор менен аталган Борбордун ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт. Жакында эле бул темадагы окуу биринчи жеңүүчүлөр үчүн уюштурулуган”.

Кошумча чечим менен колдоого алынган долбоорлор:

  • «Бала бакчанын жыгач терезелерин алмаштыруу», Кызыл-Октябрь АА, Кемин району
  • «Ден соолук – ийгиликтин кепили», Кең-Булуң АА, Ысык-Ата району
  • «Айылдын көчөлөрүнө жарык орнотуу», Жээк АА, Ысык-Ата району

Кошумча тизме менен колдоого алынган 3 долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жалпысынан 15622 адам, анын ичинде 7963 аял, жашоосунун жакшырышына түрткү болоору маалымдалган.

Версия для печати: print

Иш-чаралар