• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлор менен автоматташтырылган система...

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлор менен автоматташтырылган система аркылуу иштөө кандай жүргүзүлөт?

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлор менен автоматташтырылган система аркылуу иштөө кандай жүргүзүлөт?

Толук маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

2016-жылдын 24-майынан 10-июнуна чейин Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду кабыл алуу, каттоо жана тандоо боюнча автоматташтырылган система менен иштөө боюнча тренингдер өтөт.

Тренингдерге элеттик жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык кеңештердин, райондук администрациялардын жана райондук финансы бөлүмдөрүнүн үч жүзгө жакын өкүлү катышат.

Окуу иш-чаралары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору  (мындан ары – Долбоор) тарабынан өткөрүлүп жатат.

КР Финансы министрлиги 2016-жылдын 1-кварталында “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар” беренеси боюнча долбоорлорду кабыл алуу, каттоо, тандоо боюнча автоматташтырылган системаны иштеп чыккан. Система республика боюнча пилоттук режимде ишке берилди. Пландалган тренингдер жогоруда аталган үч облустун ЖӨБ органдарынын жана маморгандарынын өкүлдөрүнө үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга өтүнмөлөр, анын ичинде өтүнмөлөрдү берүүнүн автоматташтырылган жол-жобосу менен тааныштырып, билим берип, көндүмдөргө үйрөтүү максатын көздөйт. 

КР Финансы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башкы адиси Болот Касымовдун айтымында, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга Өкмөттүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы тартиби тууралуу маалымат берилет.

“Буга кошумча биз долбоорлорду каржылоонун тартибин жана жол-жоболорун карап чыгып, долбоордун тибине жараша документтердин тизмегин талкуулайбыз. Ишке ашыруу процессинде долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы маселесин да өзүнчө карайбыз”, - деди Болот Касымов.

Тренингдерди өткөрүү графиги жана географиясы:

  • Чүй облусу – 2016-жылдын 24-27-май күндөрү.
  • Жалал-Абад облусу – 2016-жылдын 2-3-июнь күндөрү.
  • Ысык-Көл облусу – 2016-жылдын 9-10-июнь күндөрү.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар