Коомдук бюджеттик угуулар айкындуулуктун жана ачыктыктын аспабы катары

Коомдук бюджеттик угуулар айкындуулуктун жана ачыктыктын аспабы катары

Толук маалымат: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

2016-жылдын 18-майынан 23-майына чейин Чуй облусундагы муниципалитеттердин 80ден ашуун өкүлү “Коомдук бюджеттик угуулар айкындуулуктун жана ачыктыктын аспабы катары” темасына окуудан өтүшөт. Окууга айыл өкмөт жана шаар башчылары, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) топторунун мүчөлөрү жана облус аймагындагы жергиликтүү кеңештердин бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын депутаттары катышат.

Тренингдер бюджет боюнча коомдук угууларды натыйжалуу пландоо жана сапаттуу өткөрүү боюнча көндүмдөргө үйрөтүү жана кошумча билим берүү максатында уюштурулду. Окуу иш-чаралары Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору  (мындан ары – Долбоор) тарабынан өткөрүлүп жатат.

“Бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруу чыгарган маанилүү саясий документтердин бири болуп эсептелет, - дейт Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Бюджетти түзүү жана бекитүү процесси жарандардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий адамдарынан бюджет кантип кабыл алынып, аткарылып жатканын түшүнүүсүн талап кылат. Биздин тренингдердин учурунда катышуучулар коомдук угуулардын максаттары жана тапшырмалары, коомдук бюджеттик угуулардын аракеттеринин ырааттуулугу менен таанышып, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн иштеп чыгып, иш-чарага чейинки жана андан кийинки маалымат өнөктүгүнүн маанисин жана аны өткөрүүнүн усулдарын үйрөнүшөт. Мындан тышкары катышуучуларга алган билимин практикада өз алдынча көрсөтүп берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Аны менен катар алар практикалык тапшырмаларды аудиторияга алып чыга тургандай аткарышы керек”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар