Чүй облусунун 12 муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2017-жылга бюджет боюнча Коомдук угууларды өткөрөт

Чүй облусунун 12 муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2017-жылга бюджет боюнча Коомдук угууларды  өткөрөт

2016-жылдын 8-июнунан 30-июнуна чейин Чүй облусунун аймагында 2017-жылга жергиликтүү бюджеттерди талкуулоо боюнча коомдук угуулар (КУ) өтөт.

Угууларды 12 муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) уюштурууда.

Иш-чара жарандардын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен 2017-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү процессине калкты тартуу аркылуу өз ишинде айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.

Пландалып жаткан коомдук угуулар тууралуу калкка жетиштүү маалымат берүү максатында ЖӨБ органдары маалымат өнөктүгүн өткөрүп, анын алкагында эл көп жүргөн жерлерде баннерлер жана кулактандыруулар, иш-чарага чакырган ураандар жайгаштырылат. Ошондой эле ар бир катышуучуга бюджет долбоорунун кыскача сүрөттөлүшү кошо тиркелген чакыруу барактары таратылат. Мындан тышкары жашоочуларды чакыруу үчүн үн күчөткүчтөр да  колдонулат.

“Коомдук угууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө катышуучулар атайын даярдалган таратып берме материалдарды алышат. Алар: калк үчүн түшүнүктүү тилде жазылган бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү, жарандык бюджет, күн тартиби, бюджет боюнча сунуштарды жана пикирлерди жазчу бланк, иллюстрациялуу материалдар, - деп айтты “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Өткөрүлгөн угуулардын жыйынтыктары жергиликтүү ММК аркылуу жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган башка аспаптарды колдонуу менен жарыяланат”.

 

Коомдук угуулар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) техникалык колдоосу менен өткөрүлүп жатат. 

---------------- 

[1] Коомдук угуулар (КУ) – бул калктын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен жамаат турмушундагы маанилүү маселелер боюнча калктын пикирин билүү, сунуштарды алуу жана оптималдуу чечимдерди издөө максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлгөн ачык талкуу формасындагы уюшкан иш-чара. 

Версия для печати: print

Иш-чаралар