Чүй облусундагы алты айылдык аймак үчүн муниципалдык сайттар түзүлдү

Чүй облусундагы алты айылдык аймак үчүн муниципалдык сайттар түзүлдү

2016-жылдын 19-декабрында Бишкекте Чүй облусунун алты айылдык аймагы үчүн жасалган муниципалдык сайттарды башкаруу жана редакциялоо боюнча Кириш семинар өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалдык сайтты иштетүүнүн теориялык бөлүгү жөнүндө маалымат берилди. Андан кийин катышуучулар муниципалитеттин сайтын өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Семинарга беш муниципалитеттен ЖӨБ органдарынын кызматкерлери катышты: Ак-Башат (Жайыл), Гроздь (Аламүдүн), Юрьевка (Ысык-Ата), Күн-Туу жана Кызыл-Туу (Сокулук). 

Муниципалдык сайты бар алтынчы муниципалитет – Панфилов районунун Фрунзе аймагы.

“Бул муниципалитеттер Долбоордун алкагында биздин максаттуу өнөктөштөрүбүз болуп эсептелинет, - деп айтты ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ. – Буга чейин алар 2006-жылдын 28-декабрындагы №213 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн өз сайттарын ачып берүү өтүнүчү менен Долбоорго кайрылышкан эле. Анын үстүнө муниципалдык сайт – бул жамааттын муктаждыгы гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн ресурс да болуп эсептелет. Өз сайтын түзүү менен ЖӨБ органдары кызматкерлеринин компьютердик сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга жардам беришет. Мындан тышкары сайттар ЖӨБ органдарына жергиликтүү жаңылыктарды улуттук жана эл аралык деңгээлдерге чыгарып, өз жетишкендиктери тууралуу башкаруунун жогорку органдарына, башка муниципалитеттерге, кеңири коомчулукка жеткирүүгө көмөктөшөт”.

Семинарды сайттарды даярдаган компаниянын – Weltkind студиясынын өкүлү Яков ЮДИН өткөрдү.

Версия для печати: print

Иш-чаралар