ЖӨБ: коммерциялашуу – бул дотациядан чыгуунун жолу эмес

ЖӨБ: коммерциялашуу – бул дотациядан чыгуунун жолу эмес

6-декабрда ӨСИнин жыйындар залында “ЖӨБ жана бизнес: кооптуу тенденция” аттуу пресс-сессия өттү.

Кыргыз Республикасында 453 айыл өкмөттүн басымдуу бөлүгү дотацияда турат. Ошондуктан жергиликтүү башкаруу органдарынын алдында экономикалык жактан тың болуу өңдүү оор тапшырма турат. Муниципалдык кызматчылар гана эмес, ошондой эле өкмөт өкүлдөрү да муниципалдык ишканаларды түзүү бул маселени чечмек деп ойлошот. Суктанарлык, бирок жаңылыш ой! Акыркы учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абаттоо, кызмат көрсөтүү, социалдык маселелерди чечүү боюнча жарандар алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруунун ордуна өндүрүштүккоммерциялык ишканаларды түзүп, акча табуу процессине тикелей аралаша баштагандыктан эксперттер коңгуроо кага башташты: мындай тенден ция жакшылыкка алып келбейт.

Бул көйгөйдүн олуттуулугун жана актуалдуулугун эсепке алуу менен, Өнүктүрүү саясат институту эки долбоордун алкагында (“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (PSI, ХЕЛВЕТАС менен консорциумда) долбоору жана Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (VAP) долбоору) бул теманы кеңири талкууга алып чыгууну чечти. 

Журналисттердин алдында “Бийликтин коммерциялашуусу – жарандарга «жалган» камкордук” темасына даярдалган баяндама менен эксперт Асылбек ЧЕКИРОВ сүйлөдү. Анын айтымында, пайданын артынан түшкөн ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттен каражаттарды жарандардын турмушшартын жакшыртуу өңдүү тикелей максатынан буруп, коррупциялык схемаларды түзө башташты.

Бул көрүнүш кооптуу масштабга жетти (бул тууралуу кененирээк “Муниципалитет” журналынын 2016-жылдагы чыгарылышынан окуй аласыз). Мисалы, ЖӨБдүн биринде айылдык управа бюджеттен 5 млн. сом каражат сарптап, ресторанкурган. Башка аймактарда да МТС жана башка бизнес-объекттер түзүлүп жатат. Ошону менен бирге ЖӨБ органдары “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Мыйзамдарынын, Жарандык кодекстин жоболорун көңүл сыртында калтырып коюушууда. Бийликтин коммерциялашуусу ЖӨБдүн чыныгы багытына көө сүйкөп, бюджеттен олуттуу каражаттарды буруп, коррупциялык схемалардын пайда болушуна көмөктөшүп жатат.

Асылбек ЧЕКИРОВдун баамында, муниципалдык ишканалар жеке бизнес менен атаандаша алышпайт. Анткени белгилүү бир нормативдерди сактап, бардык көрсөтүлгөн салыктарды чегерүүгө милдеттүү. Аймактарда жеке ишкер адатта өз ишмердүүлүгүн патент боюнча жүзөгө ашырып, эмгек акысын жумушчу менен келишим түзүү менен белгилей алат ж.б. Ал эми муниципалдык ишканалар, эрежеге ылайык, начар башкарылат, кызматкерлерде пайда үчүн иштөөгө мотивация жок. Ошол эле маалда мындай структураларда коррупциялык схемалар түзүлөт. Бул факторлордун баары акыр аягында ишкананы банкроттукка жетелеп, жергиликтүү бюджетке олуттуу зыян тийгизүүдө.

Пресс-сессиянын темасы катышуучулар арасында кызыгууну жаратып, баяндамачынын сөздөрү көп учурда суроолор жана талкуулар менен коштолуп турду. Сессиянын соңунда журналисттер уюштуруучуларга кайрылып, бул маселеге сөзсүз түрдө кайрадан кайтып келүүнү өтүнүштү.

Версия для печати: print

Иш-чаралар