ЖӨБ органдары компьютердик технологияларды өздөштүрүүдө

ЖӨБ органдары компьютердик технологияларды өздөштүрүүдө

Чүй облусунун 12 муниципалитетинен 35 киши компьютердик сабаттуулуктун негиздери боюнча окуудан өттү.

Алардын арасында жооптуу катчылар, финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн башчылары жана ЖӨБ органдарынын башка кызматкерлери болду. Окуулар 2016-жылдын 23-августунан 30-августка чейин Бишкек шаарындагы Улуттук маалымат технологиялар борборунун базасында өттү. Окутуучу иш-чараны ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган эле.

“Окуу бир жарым күнгө эсептелинген. Анын жүрүшүндө катышуучулар Microsoft Office 2010 пакети: Word, Excel, Power Point жана интернет тууралуу комплекстүү билим алышты, - деп айтып берди Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ. – Окуу аяктагандан кийин өткөрүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча, катышуучулардын билим деңгээли орточо 39% өскөн. Таблицаларда маалыматтарды фильтрациялоо жана сорттоо, диаграмма түзүү, Power Point презентациясы менен иштөө, MS Word 2010 документинде рецензиялоо программасы менен иштөө өңдүү маселелер көп суроолорду жаратты”.

Курстун программасы ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин негизги керектөөлөрүн эсепке алуу менен түзүлгөн. Анткени күнүмдүк ишинде алар маалыматты иштеп чыгуу, маалымат издөө, сорттоо, редакциялоо, эсептөө, байланыш каналдары аркылуу өткөрүү өңдүү иштер менен алек болушат. Катышуучулардын айтымында, аларга материалды берүүнүн интерактивдүү формасы өзгөчө жакты.

Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүнүн жер түзүлүшү боюнча башкы адиси Тимур ЖУМАЛИЕВДИН айтымында, окуу абдан пайдалуу болду: “Тренинг жакшы өттү. Мурда Power Point программасында презентацияны кантип жасаш керектигин билчү эмесмин. Азыр болсо муну үйрөндүм. Мындан тышкары практикалык көз караштан алганда Excel тууралуу эч нерсе билчү эмесмин, азыр болсо программа тууралуу түшүнүк бар. Албетте тренинг маалында алган билимимди иш жүзүндө колдоном”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар