• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Чүй облусундагы 15 айылдык аймак жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө Швейцария өкмөтүнөн...

Чүй облусундагы 15 айылдык аймак жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө Швейцария өкмөтүнөн гранттарды алышат

Чүй облусундагы 15 айылдык аймак жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө Швейцария өкмөтүнөн гранттарды алышат

Мындай чечимди Бишкекте 2017-жылдын 21-апрелинде ишин жыйынтыктаган Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кабыл алышты.

Баары болуп Чакан гранттар программасы конкурсуна 2017-жылы Чүй облусундагы муниципалитеттерден 33 долбоордук өтүнмө түшкөн.

Гранттык жардамды алууга конкурс Чүй облусундагы бардык муниципалитеттердин арасында жарыяланып, 2016-жылдын 12-декабрынан 2017-жылдын 27-мартына чейин өткөн. Конкурсту Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурган.

“Баары болуп конкурска 33 өтүнмө түшүп, Конкурстук комиссиянын чечими менен 15и гранттык жардам алмай болду. Конкурстук комиссиянын курамына КР Өкмөттүк аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР ЖӨБ Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрү кирген. Конкурстук комиссиянын шарттарына ылайык, байге катары берилген каражат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана колдонулду. Ошону менен бирге 2017-жылы колдоого алынган 15 долбоордун ичинен тогузу – бул мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлор болгон”, - деп айтты комиссиянын катчысы, гранттар боюнча адис Майрамбеков Султан.

Ар бир өтүнмө боюнча катышуучулар топтогон орточо баллдарды топтоп, комиссия төмөнкү өтүнмөлөрдү 2017-жылдагы Чакан гранттар программасы конкурсунун жеңүүчүлөрү катары тааныды:

Толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар