• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Чүй облусунун Ак-Башат айыл өкмөтү 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкууга алып чыкты

Чүй облусунун Ак-Башат айыл өкмөтү 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкууга алып чыкты

Чүй облусунун Ак-Башат айыл өкмөтү 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкууга алып чыкты

2017-жылдын 27-июлунда Чүй облусунун Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы Маданият үйүндө кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар өттү. Бул күнү Ак-Башат айылдык аймагынын жашоочулары кийинки жылга алдын ала түзүлгөн бюджет менен таанышып чыгып, өз сунуштарын бере алышты.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Үмөталиевдин айтымында 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору 24 миллион сомдон ашуун суммага түзүлдү. “Бюджеттин чыгашаларын аныктоодо негиз катары өткөн жылга чыгашалар алынды. Алар экономикалык кырдаалга, инфляциялык процесстерге жана Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун (ЖМБА) жүрүшүндө аныкталып, Биргелешкен аракеттер планында (БАП) чагылдырылган калктын артыкчылыктарына жараша түзөтүлгөн, - деп айтып берди АӨ башчысы. – 2018-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору 24 млн. 611,1 миң сом өлчөмүндө аныкталды. Төмөнкү маселелер 2018-жылы артыкчылыктуу болуп эсептелинет:

  • Ново-Николаевка айылындагы жолдордун ремонту – 3 млн. 500 миң сом;
  • Бирлик айылындагы көчөлөрдү жарыктандыруу – 1 млн. 200 миң сом;
  • Таштанды чыгаруу – 150 миң сом.

Бирок бул чыгашалардын баарына жамааттын макулдугун алууну пландап жатабыз. Бул үчүн бюджеттин долбоорун коомдук талкууга чыгаруудабыз. Мындан сырткары биз биринчи жолу өзүбүздүн муниципалдык сайтыбызды жергиликтүү калкка бюджет долбоорун алдын ала маалымдоо максатында пайдаландык”.

Маалымат тартууланып бүткөн соң, катышуучулар өздөрүнүн кызыктарган суроолорун берип, өз сунуштарын киргизе алышты.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар