Жигердүү кызматташтык талкууланды

Жигердүү кызматташтык талкууланды

2017-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) жана Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) жетекчиликтери жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар муниципалдык кызматты башкаруу системасын өнүктүрүү жана андагы кадрлардын билимин жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иш аракеттер, натыйжалар жана жетишкендиктер тууралуу талкуулашты. Аталган иш-чаралар КРнын Мамлекеттик кадр кызматы менен ӨСИ уюмунун ортосунда 2012-жылдын 1-ноябрында кол коюлган Муниципалдык кызмат чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу Меморандумдун алкагында түзүлгөн Бирдиктүү иш-чаралар планынын негизинде аткарылып келет. 

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров учурда Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) колдоосунда ӨСИ аткарып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиевге муниципалдык кызматты башкаруу системасында, кадрлардын потенциалын жогорулатууга кошкон салымына ыраазычылыгын билдирди.

“Биздин кызматташтыгыбыздын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери өтүп жаткан окуулардын натыйжасында, жергиликтүү маанидеги маселелер жеринде чечиле тургандай шарттар түзүлсө, ортодо убакыт үнөмдөлүп, борбордук бийликтин да иши жеңилдемек” – деди А. Мадумаров.

Өз кезегинде Б. Бекиев Өнүктүрүү саясат институтунун жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүнө, МКК менен өнөктөштүктө аткарылып жаткан иштерге жана келечекте пландалган иш-чараларга кеңири токтолду.

“Биздин долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш аракеттер жана өткөрүлүп жаткан окутуулардын негизги максаты – өлкөдөгү муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү реформаларга көмөктөшүү жана муниципалдык кызматкерлердин өз милдеттерин эффективдүү жана ийгиликтүү аткарышы үчүн, алардын билимин жогорулатуу жана иш алып баруу көндүмдөрүн жакшыртуу. Кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде бүгүнкү күнгө чейин окутуулардан сырткары, биз тараптан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн усулдук жана окутуу колдонмолорду иштеп чыгуу, муниципалдык кызмат жаатында тегерек столдор, семинарлар жана сынактар өткөрүлүп келүүдө”, - деди Б.Бекиев.

Мындан сырткары тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу, ЖӨБО жана муниципалдык кызматкерлердин билимин жогорулатуу системасын мыктылоо боюнча ой-пикирлерин ортого салышып, келечектеги кызматташууну талкуулашты.

Версия для печати: print

Иш-чаралар