мамлекеттик агенттик “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018” аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясына Баяндамалар конкурсу

Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун[1] алкагында Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик

“Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2018”
аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясына

БАЯНДАМАЛАР КОНКУРСУН

жарыялашат.

Баяндамаларды берүү мөөнөтү – 2018-жылдын 30-мартына чейин (болжолдуу)

Урматтуу студенттер, магистранттар, жаш окутуучулар жана окумуштуулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар!

2018-жылдын май айында (болжолдуу) “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги-2018” жаш изилдөөчүлөрдүн IV илимий-практикалык конференциясы өтөт. Конференциянын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөөгө көмөктөшүү.

Конференциянын тапшырмалары:

  • Кыргыз Республикасынын студенттеринин, магистранттарынын, жаш окутуучуларынын жана окумуштуулардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өңүктүрүүгө буруу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча актуалдуу проблематикага, колдонмо изилдөөлөргө жана практикалык маалыматтарга жеткиликтүүлүк алууда конференциянын катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, буга жакын адистиктерге окуткан кафедралардагы окутуучулардын дараметин жогорулатуу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Конференцияны өткөрүүнүн алкагында баяндамалардын конкурсу өтөт.

Консультациялык семинарларга катышууну каалагандар электрондук формада өтүнмө жибериши керек. Бул форманы сайттан жүктөп алууга болот: www.dpi.kg сайтындагы «Конкурстар жана бош орундар» бөлүмүндө, www.vap.kg сайтындагы «Тендерлер» бөлүмүндө. Өтүнмөнү Өнүктүрүү саясат институтунун адиси Жаналиева Гузелдин атына GJanalieva@dpi.kg дареги боюнча жибериңиз. Семинарларга катышууга өтүнмөлөр 2017-жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынат. Студенттер үчүн баяндаманын темасы боюнча илимий жетекчи милдеттүү түрдө болушу керек. Конкурстун бир катышуучусунда бир илимий жетекчи болот, бир илимий жетекчи бир нече баяндаманын жетекчиси боло алат. Конференциянын Уюштуруу комитети баяндамалардын илимий жетекчилери үчүн 2017-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин (болжолдуу) Бишкекте семинар өткөрөт. Конкурстун катышуучуларына жардам ирээтинде алардын илимий жетекчилерине өлкөнүн жогорку окуу жайларында ачык лекциялар өткөрүлөт (болжолдуу). Лекцияны конференциянын уюштуруучуларынын өкүлдөрү окушат. Өз студенттери үчүн ачык лекцияларды өткөрүүгө кызыкдар болгон жогорку окуу жайлары өтүнмө жибере алышат. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: ЖОЖдун аталышы (факультети, кафедрасы), ачык лекциянын темасы, өтчү күнү, убактысы, өтчү орду (дареги, аудиториянын номери), окуу жайдан жооптуу адамдын аты-жөнү жана аны менен байланышуу жолдору. Ачык лекциялардын графиги, убактысы жана орду сайттарга жайгаштырылат: www.dpi.kg жана www.vap.kg сайттарындагы “Жаңылыктар” бөлүмүндө жана жогорку окуу жайлардын тийиштүү кафедраларында. Ачык лекцияларга студенттер, магистранттар, жаш окутуучулар жана окумуштуулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн баяндамалар конференциянын Уюштуруу комитетине (Өнүктүрүү саясат институту) 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык 2018-жылдын 30-мартына чейин (болжолдуу) жиберилиши керек.

Толук маалыматты сайттардан таба аласыз: www.dpi.kg сайтындагы «Тендерлер» бөлүмүндө, www.vap.kg сайтындагы «Конкурстар жана вакансиялар» бөлүмүндө. Бирок баяндамачылар баяндаманын (изилдөөнүн) темасын өз алдынча тандап алса болот.

 

[1] Жергиликтүү жамааттар алдындагы жогору отчеттуулук жана жарандардын жеринде чечим алууга дагы да жигердүү катышуусу аркылуу ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү финансыны ачык-айкын жана натыйжалуу башкаруусу Долбоордун максаты болуп эсептелет.   

Версия для печати: print

Иш-чаралар