• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • КР Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруучу...

КР Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруучу Координациялык кеңештин курамын бекитти

Администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу Координациялык кеңештин курамы 26 адамдан түзүлдү.

2012-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу максатында Координациялык кеңештин курамын бекитүү тууралуу буйрук чыгарды. Аталган буйрук 2012-жылдын 23-мартынын N198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Концепцияны ишке ашыруу максатында чыгарылды. 

Буйрукка ылайык, Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын аткаруучу Иш планын иштеп чыгып бекитүү шарты коюлган.

Координациялык кеңештин курамында Өнүктүрүү саясат институту учурда ишке ашырып жаткан Стоит «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев да бар. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын Эл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланат.  

Версия для печати: print

Иш-чаралар