Көк-Жар аймагынын жергиликтүү тургундарынын көңүл чордонунда - балдар!

Көк-Жар аймагынын жергиликтүү тургундарынын көңүл чордонунда - балдар!

2018-жылдын 23-январында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү тургундарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйындын негизги максаты – айылдык аймак үчүн эң маанилүү болгон көйгөйдү тандап алып, Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын назарына жергиликтүү Демилгечи топтордун мүчөлөрү тарабынан даярдалган долбоорлор тартууланды. Аталган долбоорлорго камтылган көйгөйлөр, айылдык аймактын ЖӨБ органдары тарабынан “Элдин үнү...” Долбоорунун алкагында  2017-жылдын жай айларында өткөрүлгөн, жамааттын муктаждыгын биргелешип аныктоо иш-чараларынын натыйжасында аныкталган.

Жыйынга жалпысынан 345 адам катышып, алардын 177 айымдар болду. Катышуучулардын талкуусуна 5 долбоор сунушталып, алардын ар бири төмөнкү сандагы добуштарга ээ болду: 

  • Бала бакчага эмерек сатып алуу - 55 добуш
  • Маалымат борборун уюштуруу - 91 добуш
  • “Каранай” орто мектебинин айланасын тосуу - 129 добуш
  • Таштандынын чыгарууну жакшыртуу - 39 добуш
  • Ичүүчү суу – 29 добуш. 

Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун техникалык колдоосунда өткөрүлдү. 

Версия для печати: print

Иш-чаралар