Бир миллион сомдук грантка дагы бир талапкер аныкталды!

Бир миллион сомдук грантка дагы бир талапкер аныкталды!

2018-жылдын 24-январында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылдык аймагынын тургундары жергиликтүү мааниде эң маанилүү деп табылган долбоорду тандап алышты.

Калкынын жалпы саны 1334 адамды түзгөн Нарын облусунун бул чакан айыл аймагында жаш курагы 14төн жогору болгон адамдардын саны 871. Ал эми бүгүнкү аймактын деңгээлинде өткөрүлгөн бул жыйынга 134 адам келип, алардын 61 (45.5%) айымдар болду. Пайыздык үлүш менен алып караганда, бул көрсөткүч 15.4 % болду.

“Биздин аймак 2017-жылдын жаз айында Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгон. Ошол кызматташуунун алкагында биз бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн окуулардан өттүк, тажрыйба алмашуу сапарларын Долбоордун Нарын жана Чүй облустарындагы максаттуу муниципалитеттерине да барып келдик. Алардын натыйжасында биз эң негизгиси – эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу көптөгөн түшүнбөстүктөрдүн алдын ала тургандыгын байкадык”, – дейт Сатаров Эркинбек, Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө швейцариялык “Элдин үнү ...” Долбоорунун адистери Ак-Тал айылдык аймагында Долбоордун ачык-айкын жана калыс аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү калк тарабынан түзүлгөн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнө футболкаларды, ал эми айыл өкмөтүнө аймкат өткөрүлүп жаткан коомдук иш-чараларды өздүк архивге сактоо үчүн фотоаппарат тапшырышты.

Катышуучулардын назарына 2017-жылдын жай айларында Ак-Тал айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү калктын катышуусу менен аймак үчүн эң маанилүү көйгөйлөр аныкталып чыккан. Аныкталган көйгөйлөр андан соң аймактын Биргелешкен аракеттер планына артыкчылыгына карай тизмеленип, бүгүн өткөрүлгөн жыйынга тизме башында турган 5 көйгөй чакан долбоор катары түзүлүп, эл алдында тартууланды. Аталган чакан долбоорлор аймакта атайын түзүлгөн Демилгечи топтор тарабынан иштелип чыкты.

Катышуучулардын назарына тартууланган 5 долбоор добуш берүүдөн кийин, төмөнкүдөй колдоого ээ болушту:

  • “А.Турдакунов атындагы орто мектебинин айланасын тосуу” – 57 добуш;
  • “Спорт залды оңдоп-түзөө жана спорт инвентарларын алуу” – 41 добуш;
  • “Ички жолдорду оңдоо” – 21 добуш;
  • “АӨ имаратын оңдоп-түзөө жана оргтехника алуу” – 17 добуш;
  • “А.Жумалиев, О.Алыбаев жана И.Жусубалиев көчөлөрүнө жарык тартуу” – 5 добуш.

Жыйын соңунда эң көп добушка ээ болгон 1 же 2 долбоорду жогоруда аталган “Элдин үнү ...” Долбоорунун алкагында жарыяланган Чакан гранттар программасынын сынагына жиберүү чечими кабыл алынды. Бул сынактын шарттарына ылайык, Нарын жана Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары боло алат. Ал эми аталган Долбоордун Чакан гранттар программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЖМБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек. Бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 миллион сомдон (болжол менен 15 600 швейцариялык франктан) ашпайт. Арыз берүүчү Конкурска 2ден ашык эмес долбоордук табыштама бере алат жана 2ден ашык грант ала албайт.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар