• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Ош облусунун Чоң-Алай айылдык аймагы Чакан гранттар программасына катышуу үчүн 2 долбоор тандап алды

Ош облусунун Чоң-Алай айылдык аймагы Чакан гранттар программасына катышуу үчүн 2 долбоор тандап алды

Ош облусунун Чоң-Алай айылдык аймагы Чакан гранттар программасына катышуу үчүн 2 долбоор тандап алды

2018-жылдын 26-январында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айылдык аймагынын жалпы тургундарынын башын бириктирген иш-чара – айылдык жыйын – болуп өттү.

Жыйын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, аймак үчүн эң маанилүү деп табылган көйгөйлөрдү жергиликтүү калкка сунуштап, учурда аймакта ишке ашып жаткан швейцариялык “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасынын сынагына катыша турган долбоорлорду тандап алуу максатында уюштурулган.

Аймактын деңгээлинде өткөн бул жыйынга жалпысынан 140 адам катышып, алардын жарымынан көбүрөөгүн айымдар түздү – 75 адам.

“Бүгүнкү жыйын 2017-жылдын жаз айынан тарта биздин максаттуу өнөктөш катары тандап алган Швейцария өкмөтүнүн “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун техникалык колдоосунда өттү. Жыйынды өткөрүүдөн мурда биз бул сыяктуу коомдук иш-чараларды кантип уюштуруу жана анын натыйжалуулугун арттыруу үчүн маалымат өнөктүгүн катип өткөрүү керек экендиги тууралуу атайын окуулардан өткөнбүз. Ал эми жыйындын катышуучуларына тартууланган көйгөйлөрдүн долбоорлору биздин аймакат атайын түзүлгөн Демилгечи топтордун аракеттери менен даярдалган. Бүгүнкү жыйындын натыйжасында эң көп добуш алган эки долбоорду биз жогоруда аталган швейцариялык долбоордун гранттык программасына колдоо сурап жөнөтөбүз”, - деди Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Таирбек Жайчибеков.

Жыйындын жүрүшүндө швейцариялык “Элдин үнү ...” Долбоорунун адистери Чоң-Алай айылдык аймагында Долбоордун ачык-айкын жана калыс аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү калк тарабынан түзүлгөн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнө футболкаларды, ал эми айыл өкмөтүнө аймкат өткөрүлүп жаткан коомдук иш-чараларды өздүк архивге сактоо үчүн фотоаппарат тапшырышты.

Көйгөйлөрдүн долбоорлору тартууланып бүткөн соң, алар катышуучулардын добушуна коюлуп, натыйжада төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:   

  • Көчөлөрдү жарыктандыруу – 47 добуш
  • Бала бакча куруу – 4 добуш
  • Ички жолдорду оңдоп-түзөө – 7 добуш
  • Таза суу – 5 добуш
  • Мектептеги шаттарды жакшыртуу (интерактивдүү доска, орргтехника ж.б. алуу) – 65 добуш

Жалпы катышуучулар менен биргеликте эң көп добуш алган көчөлөрдү жарыктандыруу жана мектептеги шарттарды жакшыртуу боюнча долбоорду “Элдин үнү...” Долбоорунун чакан гранттар программасынын сынагына жиберүү чечими бир добуштан кабыл алынды. 

Версия для печати: print

Иш-чаралар