• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Нарын жана Ош облустарынын БӨУ жана ЖМК өкүлдөрү коомдук мониторинг боюнча тренингдерден өтүшөт

Нарын жана Ош облустарынын БӨУ жана ЖМК өкүлдөрү коомдук мониторинг боюнча тренингдерден өтүшөт

Нарын жана Ош облустарынын БӨУ жана ЖМК өкүлдөрү коомдук мониторинг боюнча тренингдерден өтүшөт

“Коомдук мониторинг жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” темасында тренингдер үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош жана Нарын шаарларында өтөт.

Тренингдерди Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору1 (мындан ары – Долбоор) “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ менен өнөктөштүктө уюштуруп жатат.

“Биринчи тренинг 9-февралда Ош шаарында өтөт. Ага жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырдык. Мындай тренингди өткөрүүгө зарылчылык жөн жерден эле пайда боло калган жок. Анткени тренингдердин негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айкындуулук жана отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптары жөнүндө маалымдоо жана коомдук мониторинг жаатында коомдук уюмдардын дараметин күчтөндүрүү. Мындан ары да мониторингди жүзөгө ашыруу максатында тренингдердин жүрүшүндө биз катышуучуларды бейөкмөт уюмдар үчүн жаңыча көз караш жана мамилелер менен тааныштырабыз. Ошондой эле алар Мамлекеттик сатып алуулар жана Кадастрдык Геомаалыматтык системанын порталдарында иштегенди үйрөнүшөт (муниципалдык менчиктеги объекттер – жерлер жана кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөр)”, - деп айтты Долбоордун муниципалдык бюджет боюнча адиси Азамат Мамытов.

Ош шаарында тренинг 2018-жылдын 9-февралында саат 9.00дөн 17.00гө чейин “Экодом” конок үйүнүн жыйындар залында өтөт. Дареги: Ош шаары, Аматов көчөсү (мурдагы Ломоносов көч.), 25

 

1 Долбоор калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартуу, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог куруу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына дагы да жакшы жооп бере алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу максатын көздөйт.

Версия для печати: print

Иш-чаралар