• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Нарын жана Ош облустарынын 23 айылдык аймагы Швейцария өкмөтү тарабынан 38 миллион сом грант алышат

Нарын жана Ош облустарынын 23 айылдык аймагы Швейцария өкмөтү тарабынан 38 миллион сом грант алышат

Нарын жана Ош облустарынын 23 айылдык аймагы Швейцария өкмөтү тарабынан 38 миллион сом грант алышат

Аталган гранттык каражаттар артыкчылыктуу деп табылган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталат.

2018-жылдын 12-мартында Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору 2018-жылдын Чакан гранттар программасына жарыяланган конкурстун жыйынтыктарын чыгарды. Чакан гранттар программасына катышуу үчүн Нарын жана Ош облустарынын муниципалитеттеринен 121 өтүнмө түштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун өкүлү, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Конкурстук комиссия жалпысынан түшкөн 121 (бир жүз жыйырма бир) өтүнмөнүн ичинен критерийлерге жана талаптарга шайкеш келген 80 (сексен) өтүнмөнү жекече карап чыгышты. Ар бир өтүнмө Чакан гранттар программасынын Жобосунун негизинде өз-өзүнчө 11 критерий боюнча беш баллдык шкала менен бааланды. Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү ар бир өтүнмөгө коюп чыккан баллдарды кошкондон кийин конкурста эң көп балл алган 38 жеңүүчү аныкталды.

2018-жылдагы Чакан гранттар программасынын конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү долбоорлор табылды:

Ош облусу:

  1. “Мектепте терезелерди жана эшиктерди пластикке алмаштыруу”, Бүлөлү АА, Алай району, Ош облусу;
  2. “Мектептин жылытуучу системасын оңдоо”, Бүлөлү АА, Алай району, Ош облусу;
  3. “Балдардын келечеги биздин колубузда”, Мангыт АА, Араван району, Ош облусу;
  4. “Сергек айыл – сергек мамлекет”, Мангыт АА, Араван району, Ош облусу;
  5. “Суу – өмүр булагы”, Ылай-Талаа АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  6. “Таза суу”, Сары-Булак АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  7. “Балдар – бул бакыт, балдар – бул жашоо”, Ылай-Талаа АА, Кара-Кулжа району, Ош облусу;
  8. “Жарык көчө – жарык жашоо”, Кара-Суу АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  9. “Таза суу – өмүр булагы”, Кызыл-Суу АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  10. “Бала бакчанын жылуулук системасын калыбына келтирүү, терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу”, Мады АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  11. “Элеттик клубга жабдууларды сатып алуу”, Төлөйкөн АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  12. “Жолдордогу кырдаалды өзгөртсө болот!”, Шарк АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  13. “Балдардын келечеги – мамлекеттин келечеги”, Шарк АА, Кара-Суу району, Ош облусу;
  14. “Таза суу – ден соолуктун булагы”, Гүлистан АА, Ноокат району, Ош облусу;
  15. “Балдардын келечеги – биздин колубузда”, Көк-Жар АА, Ноокат району, Ош облусу;
  16. “Заманбап билим берүү”, Гүлистан АА, Ноокат району, Ош облусу;
  17. “Ачык-айкындуулукка жеткиликтүүлүк”, Көк-Жар АА, Ноокат району, Ош облусу;
  18. “Келечектин балдары”, Мирмахмудов АА, Ноокат району, Ош облусу;
  19. “Балдардын келечеги үчүн”, Ак-Жар АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  20. “Эл – таланттардын кенчи”, Ак-Жар АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  21. “Спорт – тынчтыктын элчиси”, Жазы АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  22. “Суу – өмүр булагы”, Жазы АА, Өзгөн району, Ош облусу;
  23. “Жарык көчөлөрдө жаркын жашоо”, Чоң-Алай АА, Чоң-Алай району, Ош облусу;
  24. “Жаштар – биздин келечегибиз”, Чоң-Алай АА, Чоң-Алай району, Ош облусу.

Нарын облусу:

  1. “Балдардын коопсуздугу – келечектин коопсуздугу”, Ак-Тал АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  2. “Жаштар үчүн жаркын келечек”, Ак-Тал АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  3. “ФАПтын жана бала бакчанын капиталдык ремонту”, Ургут АА, Ак-Талаа району, Нарын облусу;
  4. “Балдар – биздин келечегибиз”, Ак-Муз АА, Ат-Башы району, Нарын облусу;
  5. “Жабдууланган мектеп – сапаттуу билим берүүгө карай жол”, Ак-Муз АА, Ат-Башы району, Нарын облусу;
  6. “Таза суу – ден соолуктун булагы”, Ак-Талаа АА, Ат-Башы району, Нарын облусу;
  7. “Орто мектепте терезелерди алмаштыруу”, Байзак АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  8. “Наристелер – биздин келечегибиз”, Чаек АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  9. “Ички инфраструктураны жакшыртуу – адамдардын татыктуу жашоосунун кепили”, Чаек АА, Жумгал району, Нарын облусу;
  10. “Элеттик клубдун концерттик залынын капиталдык ремонту”, Кара-Суу АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  11. “Инфраструктураны өнүктүрүү – адамдын татыктуу жашоосунун кепили”, Кара-Суу АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  12. “Бала бакчада кошумча тайпа ачуу”, Кочкор АА, Кочкор району, Нарын облусу;
  13. “Жаркын келечек – жаштар үчүн”, Учкун АА, Нарын району, Нарын облусу;
  14. “Жылуу мектеп – сапаттуу билим берүүгө карай жол”, Учкун АА, Нарын району, Нарын облусу.

Долбоор Чакан гранттар программасына кызыгуусун билдирип, ага катышкан бардык катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирет. 2018-жылдын 23-мартында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен 2018-жылдагы Чакан гранттар программасынын конкурсунун жеңүүчүлөрү ортосунда Гранттык макулдашууга кол коюу боюнча иш-чараны өткөрүү пландалып жатат. Бул иш-чаранын так убактысы жана дареги тууралуу кошумча кабар беребиз.

Версия для печати: print

Иш-чаралар