• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Ош жана Нарын облустарынын 23 айыл өкмөтүнүн адистери мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан...

Ош жана Нарын облустарынын 23 айыл өкмөтүнүн адистери мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өтүшөт

Ош жана Нарын облустарынын 23 айыл өкмөтүнүн адистери мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өтүшөт

Окуулар "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында бир миллион сомдон грант алган айылдык аймактардын адистери үчүн КР Финансы министрлигин Окуу борборунун базасында өткөрүлүүдө.

“Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасындагы практикалык семинарлар 2018-жылдын 10 – 14-апрель күндөрү Ош шаарында, 16 – 20-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүүдө.

Окуулар мамлекеттик сатып алууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү процесстерине үйрөтүү максатында уюштурулган. Анткени Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында 2018-жылы өткөрүлгөн сынактын жеңүүчү деп табылган муниципалитеттери гранттык долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында сатып алууларды жүзөгө ашырышмакчы. Ош жана Нарын облустарынын 23 айылдык аймагынын адиси жана Долбоордун аймактык 4 координатору катышкан бул окуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборлорунда беш күн аралыгында өткөрүлүүдө.   

Практикалык семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзам, мамсатып алуулар процессинин жол-жоболору, сатып алынуучу товарлардын сапатына болгон талаптар, техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу, алардын максаттары жана тапшырмалары менен таанышышат.  Беш күн аралыгында адистер мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жол-жоболоруна карата талаптарды үйрөнүшүп, семинардын жүрүшүндө алган билимин иш жүзүндө кантип колдонуу керек экендиги тууралуу маалымат алышат. Семинардын төртүнчү күнүндө катышуучулар электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталында иштегенди, конкурстук документтерди даярдаганды жана мамсатып алуулар планын түзгөндү үйрөнүшүп, бул чөйрөдөгү арыздарды жана даттанууларды кароо механизмдери менен таанышып чыгышат.

Окуунун жыйынтыгында иш-чаралардын натыйжасын, алынган билим канчалык өздөштүрүлгөнүн аныктоо, мамсатып алууларды өткөрүү процессинде терс кесепеттерди болтурбоо максатында бардык катышуучулар тест тапшырышып, ийгиликтүү тапшыргандар гана сертификат алышат. 

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар