“Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында иштөө үчүн Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук айылдык аймактарды тандоо боюнча сынактын жыйынтыктары

Сынакка аталган эки облустан жалпысынан 58 табыштама келип түшкөн.

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында иштөө үчүн Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы
пилоттук айылдык аймактарды тандоо боюнча сынактык комиссиянын
ЧЕЧИМИНЕН КӨЧҮРМӨ

Бишкек ш. 15-июль, 2012-ж.

Төмөнкүдөй курамдагы сынактык комиссия:

  1. Асанакунов Б. Ж., комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы,
  2. Нарузбаева У. Р., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары,
  3. Бекиев Б. Ж., “Эл үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси,

айылдык аймактардын (АА) ЖӨБ органдарынан түшкөн 58 (элүү сегиз) даана, тагыраак айтканда Жалал-Абад облусундагы АА 41 жана Ысык-Көл облусундагы АА 17 табыштаманын (табыштамалардын тизмеги 1-тиркемеде) ар бирин табыштаманын сапаты, ЖӨБ органынын активдүүлүгү, жамааттын активдүүлүгү, башка донолордун болгону өңдүү талаптардын негизинде (критерийлердин чечмелениши 2-тиркемеде) карап чыгып жана ар бир табыштаманы баллдык система (№3 тиркеме. АА түшкөн табыштамаларды жалпы баалоонун жыйынтыкталган таблицасы) боюнча баалап чыгып, төмөнкүдөй

ЧЕЧТИ:

1. Пилоттук муниципалитет катары Жалал-Абад облусу боюнча төмөнкү айылдык аймактарды тандап алуу:

  1. Көк-Таш АА Ала-Бука району
  2. Жаңы-Жол АА Аксы району
  3. Бешик-Жон АА Базар-Коргон району
  4. Сакалды АА Ноокен району
  5. Багыш АА Сузак району
  6. Бел-Алды АА Токтогул району
  7. Тогуз-Торо АА Тогуз-Торо району
  8. Сумсар АА Чаткал району

2. Пилоттук муниципалитет катары Ысык-Көл облусу боюнча төмөнкү айылдык аймактарды тандап алуу:

  1. Ак-Чий АА Ак-Суу району
  2. Бостери АА Ысык-Көл району
  3. Липен АА Жети-Өгүз району
  4. Арал АА Түп району
  5. Улахол АА Тоң району

3. Пилоттук АА сынактан жүйөлүү себептер менен чыгып кеткенде баллынын саны боюнча андан кийинки орунда турган АА сынактын жеңүүчүсү деп табуу.

4. Эгерде жаңы пайда болгон кырдаалда пилоттук АА менен натыйжалуу иш алып баруу мүмкүн болбой калса, ал эми Долбоордун натыйжалуулугу күмөн жарата турган болсо, анда Долбоор тандалган айылдык аймакты табыштама бергендердин тизмесиндеги башка АА өз алдынча алмаштыруу укугуна ээ.

5. Эгерде кандайдыр бир себептер менен тандалган аймак менен иштешүү мүмкүн болбой калса, бир гана табыштама (1 талапкер) берилген аймакта жайгашкан каалаган башка райондун ичинен пилоттук катары башка АА өз алдынча тандоо укугун Долбоорго берүү.

6. Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ӨСИ Долбооруна ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде пилоттук АА тандоонун натыйжасын ачыктоону тапшыруу.

7. Колдо бар каражаттар менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча секторунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен Кыргыз Республикасындагы башка муниципалитеттер арасында пилоттук АА менен иштер тууралуу маалыматтарды жайылтууну камсыздоону ӨСИ Долбооруна сунуштоо.


 


 

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар