15 максаттуу ЖӨБ органы калк менен биргеликте иш аракеттер планын иштеп чыгышты

15 максаттуу ЖӨБ органы калк менен биргеликте иш аракеттер планын иштеп чыгышты

Жергиликтүү деңгээлде пландоо маселелери жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүү боюнча мыйзам чыгаруу чөйрөлөрүндө соңку өзгөрүүлөр маанилүү болуп турат.

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында ЖМБА-иш-чаралары процессинде аныкталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча ЖӨБО менен жергиликтүү жамааттын иш-аракеттерин биргелешип пландоо боюнча иш-чаралардын коплекси жыйынтыкталды. Натыйжада муниципалитеттин өнүгүүсүнө багытталган документ даярдалып, кабыл алынды. Бул – 2018-2019-жылдарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын Биргелешкен аракеттер планы (БАП).

"Жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен иш-аракеттерин пландоо жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүн пландоо процессинин бир бөлүгү болгону Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитеттеринде өткөрүлгөн иш чаралардын өзгөчөлүгү болуп калды. Кабыл алынган БАП калктын реалдуу артыкчылыктарына негизделгени, жамаат аларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алганы БАПтын баалуулугу менен шартталды. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн Биргелешкен аракеттер планы (БАП) муниципалитеттердин стратегиясынын жана өнүгүүсүнүн бир бөлүгү болуп калды. Анын негизинде айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн жумушчу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландашат. Бул процесс Бюджеттик кодекстеги Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу жаатындагы мөөнөттөргө мүмкүн болушунча жакындатылганы да маанилүү болду", – деп айтты Долбоордун ЖӨБ боюнча адиси Танат ОСМОНКУЛОВ.

Ош жана Нарын облустарынын 15 максаттуу муниципалитети үчүн БАП долбоорун пландоо жана даярдоо процесси боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүп, билим берүү максатында тренингдер өткөрүлдү. “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо” темасына өткөн тренингге бардык кызыкдар адамдар катышты: ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын арасынан активисттер, райондордон кызыкдар муниципалитеттердин өкүлдөрү да келишти.

Окуунун жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негиздери боюнча билимди (пландоонун маңызы жана түрлөрү,алардын өз ара байланышы жана айырмалары), жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу модели, Биргелешкен аракеттер планын (БАП) иштеп чыгуу боюнча практикалык көндүмдөр, БАПты ишке ашырууда ресурстар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б. өңдүү түрдүү маселелер каралды. 

“Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгуу процессин уюштуруу” темасы катышуучулар арасында өзгөчө кызыгууну жаратты жана аны талкуулоого көбүрөөк убакыт кетти. Көпчүлүк катышуучуларда стратегия, программа жана план ортосундагы айырманы түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралды. Көпчүлүк муниципалитеттерде өнүгүү стратегиялары, программалары жана пландары бар болчу, алардын бир бөлүгү донордук программалардын алкагында даярдалган. Бирок көпчүлүк катышуучуларда бул документтердин мазмуну жөнүндө маалыматы жок болуп чыкты, себеби алар жергиликтүү калк үчүн коомдук угууларга чыгарылган эмес. Катышуучулардын негизги көңүлү көйгөйдү формулировкалоого, аны кыскача сүрөттөөгө бурулду. Себеби келечекте талдап чыгып, сапаттуу себептикнатыйжа анализ жүргүзүү үчүн, тапшырмаларды жана конкреттүү иш-чараларды пландоо үчүн бул зарыл. Катышуучулардын бири мындай деди: “Жашоочулар үчүн маанилүү болгон көйгөйдү аныктоо кыйын. Анткени жашоочулар конкреттүү жыйынтыкты көргүсү келет эмеспи. Мисалы, спорт залдын жоктугун көйгөй катары аныкташат жана аларга имарат эмес, жаңы секциялар, тажрыйбалуу машыктыруучулар түрүндө кызмат көрсөтүү керектигин дайыма эле ойлоно беришпейт. Айыл өкмөтү ушул багытта ишти уюштуруу боюнча маселени чечкени маанилүү”. Катышуучулар тапшырманы жана соңку максаттарды белгилеп алууда кыйналышты. Ошондой эле катышуучуларга Биргелешкен аракеттер планын ресурс менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди (дем берүүчү грант, региондорду өнүктүрүү фонддору, мамлекеттик социалдык заказ механизми, тышкы инвестициялар, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр).

Версия для печати: print

Иш-чаралар