Жаш мамлекетчилер муниципалдык башкаруу чөйрөсүн өзгөчө өздөштүрүүдө

Жаш мамлекетчилер муниципалдык башкаруу чөйрөсүн өзгөчө өздөштүрүүдө

Кыргыз Республикасындагы түрдүү жогорку окуу жайлардын жаш изилдөөчүлөрү, студенттери жана окутуучулары өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулаш үчүн жолугушат. Иш-чара 2018-жылдын 14-майында 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын 30-мартына чейин Кыргызстанда өткөн баяндамалар конкурсунун жыйынтыктоочу иш-чарасы катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өттү.

Конкурстун жана конференциянын максаты – болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, көйгөйлөрүнө жана келечегине буруу. 2018-жылы докладдар конкурсуна 21 адам катышып, алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы муниципалдык башкарууга арналган темаларда докладдарды даярдашкан. Конкурска катышууну каалаган студенттер жана жаш изилдөөчүлөр үчүн уюштуруучулардын аракеттери менен өлкөнүн жогорку окуу жайында ачык лекциялар өткөрүлдү. Лекцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө чоң практикага жана тажрыйбага ээ болгон Өнүктүрүү саясат институтунун адистери жана эксперттери өткөргөн. IV ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясынын жана баяндамалар конкурсунун катышуучулары үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) базасында 2018-жылдын 15-январынан 24-январга чейинки мезгил аралыгында атайын семинарлар уюштурулуп, аларга студенттер, жаш илимпоздор, мамкызматчылар жана борбордогу ЖОЖ окутуучулары болуп 24 адам катышты. Аталган семинарлар: “ЖӨБ жана сергек жамаат”, “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу”, “Айыл өкмөттүн ишин уюштуруу”, “ЖӨБдүн уюштуруучулук-укуктук негиздери”, “Муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары)”, “Жергиликтүү бюджет жана бюджеттер аралык мамилелер”, “ЖӨБ жана коомдук тартип”, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр” деген темаларды камтыды.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Насыров Алмаз конференциянын милдеттерин жана башкы максатын айтып өтүп, бул иш-чараны 4 жылдан бери өткрүүгө өз салымын кошуп келе жаткан өнөктөш уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

“Бул конференция Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө гана арналбастан, анын көйгөйлөрү, кемчиликтери жана пландары тууралуу илимий изилдөөлөр аркылуу жакыныраак таанышып караганга жардам берет. Ошондой эле КР Президентинин жарлыгы менен 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланышы менен, бул чөйрөдө быйылкы жылы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, алгылыктуу иш-чаралар ишке ашат деген үмүттөбүз. Анткени бул багытта өлкөбүздүн элет аймактарынын социалдык-экономикалык жактан өнгүүсүнө багытталган көптөгөн программалар жана пландар түзүлүп, алардын ишке ашуусу жогорку бийлик тарабынан көзөмөлгө алынмакчы. Ал эми биздин конференция өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкарууну илимий көз караш менен изилдеп, жаш мамлекетчилер арасында бул теманын популярдуу болушуна жана илимий жактан бул системаны терең өздөштүрүп, мыктылоо жолдорун табууга көмөктөшөт”, - деди Насыров Алмаз.

"Семинарда Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү жана ӨСИнин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) чөйрөсүндөгү эксперттери лекция окушту. Аймактык ЖОЖдордун өкүлдөрү үчүн Skype-конференция уюштурулду. Ал эми техникалык себептерден улам семинарга кошула албагандар үчүн биз жакын арада презентациялык материалдага шилтемелерди жиберебиз. Айрым лекциялар "Фейсбуктагы" баракчабыз аркылуу көрсөтүлдү. Биз докладдар конкурсуна катышууну каалагандардын баарына консультация берүүнү улантып жатабыз. Биздин эксперттер алардын суроолоруна жооп берүүгө дайыма даяр, ал эми бардык каалоочулар келип, ӨСИнин китепкана ресурстарын колдоно алат. Биз ошондой эле өз изилдөөлөрүн жүргүзө турган муниципалитеттердин ЖӨБ органдарынын дарегине өнөктөшүбүз – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) атынан расмий каттарды беребиз. Себеби биздин максат – ЖӨБдүн өнүгүүсүндөгү актуалдуу көйгөйлөргө жана тенденцияларга болочок адистердин көңүлүн буруу, практикалык маселелерге киришүүгө жана ЖӨБдү өркүндөтүүнүн өз ыкмаларын тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү", - дейт ӨСИнин “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Баяндамалар конкурсунун Жобосуна ылайык, баяндамаларды баалоодо “Антиплагиат” программасы колдонулду. Атайын Конкурстук комиссия баяндамаларды иргеп алат, алардын авторлору конференцияда өз баяндамаларын жактап, анын жыйынтыгы менен мыкты баяндамалар аныкталды.

Конференция 4 тематикалык секцияларга бөлүнгөн:

1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;

2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;

3) Муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);

4) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу.

Баяндамалар эки категорияга топтоштурулган: 1) студенттер (бакалавриаттын жана специалитеттин); 2) магистранттар, жаш мугалимдер жана окумуштуулар (анын ичинде аспиранттар, изденүүчүлөр жана изилдөөчү-практиктер), мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар. Баяндамалар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде кабыл алынган.

Конференциянын жүрүшүндө жаш изилдөөчүлөрдүн докладдар сынагынын катышуучулары өз пикирлерин билдирген жана жалпы эле конференция менен конкурс тууралуу толук маалыматты камтыган видеороликтер иш-чаранын катышуучуларына сунушталды. Байгелүү жана дем берүүчү орундарга талапкерлер өз докладдарын жактап, аларды угуп отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү, изилөөчүлөр жана студенттер берген суроолорго жооп беришти.

.Жаш изилдөөчүлөрдүн докладдар конкурсунун алдында бул темага үч конференция буга чейин 2015, 2016, 2017-жылдары өткөн. 2018-жылдагы конференцияны Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.

Версия для печати: print

Иш-чаралар