Сатаров Эркинбек, Ак-Тал АӨ башчысы: "Жергиликтүү жамааттын Уставын аймактын тургундары менен талкуулоодо 70тен ашык сунуш түшүп, алардын ичинен 66 сунушу кабыл алынды"

Сатаров Эркинбек, Ак-Тал АӨ башчысы:

2018-жылдын 19-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылдык аймагында райондун бардык аймактарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген тажрыйба алмашуу боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты - Ак-Тал аймагынын ЖӨБ органдарынын коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен башка аймактардын чечим кабыл алуучу өкүлдөрүн тааныштыруу болгон. Белгиленген максатка жетүү чакырылган конокторду жергиликтүү жамааттын Уставын талкуулоого арналган иш-чараны өткөрүү аркылуу мүмкүн болду. 

Иш сапарга Ак-Талаа районунун бардык ЖӨБ органдары жана Нарын облусунун башка райондорунан Долбоор менен кызматташып жаткан максаттуу муниципалитеттеринин айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештердин төрагалары чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө  КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Нарын облусундагы расмий өкүлү Кайрат Турсунов, Ак-Талаа районунун башчысы, аким Нурбек Молдокадыров катышуучуларды көрүп үйрөнгөн тажрыйбаны пайдаланып, өз аймактарында да ушул сыяктуу талкууларды жүргүзүп, жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуусуна чакырышты.

"Эл менен чогуу ушул сыяктуу коомдук жыйындарды уюштуруп, бирдиктүү чечимдерди кабыл алсаңыздар, эч кандай түшүнбөтүктөр жана конфликттер келип чыкпайт. Ошол эле тротуар, ошол эле көчө жарыгын же таза суу менен камсыздоо маселелринин бардыгын тең жергиликтүү калк менен чогуу чечишке үндөйм. Бул маселелерди бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу аркылуу да карап, чогуу талкуулап чыгууга чакырам сиздерди, – деди райондун акими Нурбек Молдокадыров.

Жергиликтүү жамааттын Уставынкарап чыгуу жана жеке талкуулоого байланышкан иш аракеттер качан жана кандай аткарылып, алар кайсы багыттарда экендиги тууралуу айылдык жыйында кеңири маалымат берилди. Иш-чара аталган аймактын ЖӨБ органдары тарабынан демилгеленип, жергиликтүү калктын жана ЖЖ Уставын юридикалык жактан өткөрүлгөн талдоону жыйынтыктарын тартуулаган юристтердин катышуусу менен өттү. 

Ак-Тал аймагынын ЖӨБ органдары сөз кылып өткөндөй, өктөрүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгында 70тен ашык сунуш түшүп, алар төмөнкү багыттарды камтыган:

  • ички жолдорго тиешелүү - 5;
  • түнкү жарыктандырууга тиешелүү - 6;
  • малдарды кароого тиешелүү - 13;
  • айылды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү - 5;
  • таза сууга тиешелүү - 25;
  • таштандыларды топтоо/чыгаруу жана тазалыкты сактоо - 7;
  • балдар жана жаштардын бош убактысын толтуруу үчүн аянтчалар жана маданият үйлөрүнө тиешелүү - 11;
  • алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууга тыюу салуу боюнча - 14;
  • сугат сууга тиешелүү - 4 сунуш.

Жыйындын жүрүшүндө аталган сунуштардын кээ бирлери эмнеликтен кабыл алынып, ал эми кээ бирлери кабыл алынбагандыгы тууралуу айыл өкмөт башчысы тарабынан түшүндүрүп берилди. 

Катышуучулар тарабынан жаңы келип түшкөн суроолорго Долбоордун өнөктөштөрү болгон,жогоруда айтылган май айындагы иш аракеттерди өткөрүүгө катышкан юристтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопторун жана юридикалык кеңештерин беришти.

Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ЖӨБ органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар