• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • “Элдин үнү...” Долбоорунун Ош облусундагы максаттуу аймактарында жарандык катышуу боюнча окуулар...

“Элдин үнү...” Долбоорунун Ош облусундагы максаттуу аймактарында жарандык катышуу боюнча окуулар өткөрүлүүдө

“Элдин үнү...” Долбоорунун Ош облусундагы максаттуу аймактарында жарандык катышуу боюнча окуулар өткөрүлүүдө

2018-жылдын июнь-июль айларында “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуусу” деген аталыштагы окутуулар өтүүдө. Иш-чаралар Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында уюштурулду. Окууларга жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистери катышат.

“Өткөрүлүп жаткан окуулардын эң негизги максаты – жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуу дараметин күчөтүү деп коюлган. Коюлган максатка жетүү үчүн биз катышуучуларга жергиликтүү өз  алдынча башкаруу, жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс тууралуу маалымат тартуулап, аларга жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана бюджеттик процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуунун үстүнөн иш алып барабыз. Тема менен катышуучулар таанышкан соң, алардын кабыл алуусун аныктоо үчүн биз түрдүү практикалык көнүгүүлөрдү аткарабыз. Бул көнүгүүлөр катышуучулардын жаңы теманы канчалык деңгээлде кабыл алгандыгын айкындайт, - дейт Айнура Балакунова, Долбоордун жарандык катышуу боюнча адиси.

Окуулардын жүрүшүндө катышуучулар пландалган темалардан сырткары, күнүмдүк иш аракеттеринде бетме-бет кезиккен маселелер тууралуу суроолорун берип, аларды чогуу талкуулоо мүмкүнчүлүгүн алышат.

Мисалы, 22-июнь күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын 28 өкүлү катышкан окуунун жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү маанидеги чечилүүчү маселелердин он экисин атап, андан соң өз алдынча маалымат менен таанышып, ал тизмеге дагы бешөөнү кошо алышты. Жергиликтүү тургундар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кантип катыша ала тургандыктары боюнча катышуучулар төмөнкү демилгелерди сунушташты: 

  • Тарыхый-маданий мурасын сактоо. Калктын маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.
  • Жаштардын арасында спортту өнүктүрүү. Волейбол оюнун уюштуруу.
  • Тарыхый-маданий мурасын коргоо.
  • Ишкана-мекемелердин айлана-тегерегин жакшылоо. Конкурс уюштуруу.
Версия для печати: print

Иш-чаралар