Жазы АӨ башчысы: "Тренингдердин натыйжасында биздин тургундар активдешүүдө"

Жазы АӨ башчысы:

2018-жылдын 20-июнунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айылдык аймагында  “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуусу” деген аталыштагы тренинг болуп өттү. Иш-чарага жалпысынан 37 адам катышып, алардын арасында коңшулаш Салам-Алик, Дөң-Булак жана Ак-Жар аймактардын жана Өзгөн шаарынын өкүлдөрү болду.

Окутууга катышкан айыл өкмөтүнүн адистери, айылдык кеңештин депутаты жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн иш-чара абдан эффективдүү болгондугун айтышты.

“Жергиликтүү коомчулук активдешкендигин мен окуунун жүрүшүндө байкадым. Анткени биз тренинг учурунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги бөлүгүн түзгөн салык базасын кантип көбөйтүү керек экендиги жана бул процессте жарандардын ролу тууралуу талкуу болгондо, катышуучулар өз пикирлерин ачык айтып, чакан топтордо иштегенден кийин, өз презентацияларын тартуулоодо жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Биз бул убакытка чейин да биздин тургундарыбыз менен биргеликте иш алып барганбыз, бирок бул өңдүү окуулардан кийин биз ал кызматташтыкты мында да натыйжалуу кылуунун жолдорун үйрөнүп жатабыз, - деди Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов.

Окуу программасына ылайык, окуунун түштөн кийинки бөлүгү теоприялык маалыматты колдонуу менен чакан топтордо иштөөгө арналган. Иш-чаранын бул бөлүгүндө катышуучулар  аймактагы таштандыларды топтоо жана чыгаруу, таза суу төлөмдөрү, ыктыярдуу патент төлөө өңдүү жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн багыттарды карап чыгышып, аларды план жана факт шартында салыштырышты. Натыйжада, бул багытта жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу керек экен деген пикирге келишти.

Окуунун соңку бөлүгүндө катышуучулар 2 топко бөлүнүп, ар бир топ жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү багытталган сунуштарын жана демилгелерин беришти. Натыйжада, катышуучулар тарабынан Бирдиктүү мониторинг жана баалоо тобунун катышуусу менен ишке ашырса боло турган төмөндөгүдөй пландын структурасы сунушталды:

  • Иш-чаранын аталышы
  • Иш-чаранын максаты жана тапшырмалары
  • Өткөрүү мөөнөттөрү
  • Өткөрүүгө зарыл болгон жардамчы материалдар (чакыруу кагаздары, жарыялар, ураан-чакырыктар, шарлар ж.б.)
Версия для печати: print

Иш-чаралар