• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Ак-Талдыктар ички жолдорду оңдоо, таштанды жайын түзүү жана спортту өнүктүрүү демилгелерин көтөрүп...

Ак-Талдыктар ички жолдорду оңдоо, таштанды жайын түзүү жана спортту өнүктүрүү демилгелерин көтөрүп чыгышты

Ак-Талдыктар ички жолдорду оңдоо, таштанды жайын түзүү жана спортту өнүктүрүү демилгелерин көтөрүп чыгышты

Аталган демилгелер Ак-Тал айылында өткөн окутуунун натыйжасында келип чыккан.

2018-жылдын 3-июлунда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылдык аймагында жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистери катышкан “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуусу” деген аталыштагы окууу болуп өттү. 

Отуз адам катышкан бул иш-чаранын максаты - жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуу дараметин күчөтүү. Коюлган максатка жетүү үчүн тренерлер катышуучуларга жергиликтүү өз  алдынча башкаруу, жергиликтүү бюджет жана бюджеттик процесс тууралуу маалымат тартуулап, аларга жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана бюджеттик процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуунун үстүнөн иш алып барышты. Тартууланган маалыматтын канчалык деңгээлде түшүнүктүү жана жеткиликтүү болгондугун аныктоо үчүн чакан топтордо иштөөсү каралган практикалык көнүгүүлөр аткарылды.

“Биз өткөргөн бул окууга Ак-Тал айылдык аймагына жакын жайгашкан Баетов, Үгүт, Көк-Жар, Жаңы-Талап жанаТоголок-Молдо аймактарынын бирден өкүлдөрүн да чакырганбыз. Программага ылайык окуу материалдар берилген соң, практикалык иштер аткарылып, анын натыйжасында катышуучулар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн булактарын аныктап, аларды канткенде көбөйтсө боло тургандыгы тууралуу талкуулашты. Андан кийин катышуучулар менен биргеликет бюджеттик процессте жарандардын катышуусунун мыкты тажрыйбаларынын мисалдарын карап, алардын кайсы бири ушул аймакка туура келе тургандыгын талдап чыктык, - дейт Табылды Байбагышов, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун Нарын облустагы координатору, тренер.

Аны менен катар катышуучулар бюджеттик процесстеги негизги үч катышуучунун: ЖӨБ органдарынын, Каржы министрлигинин жана жергиликтүү коомчулуктун ролдорун талкууга алышты.  Ал эми мыкты тажрыйбанын мисалдарынан Жалал-Абад облусунун Бел-Алды аймагынын салык төлөмдөрүнүн карточкаларын киргизген тажрыйбасы катышуучуларга өзгөчө жакты.

Катышуучулар тарабынан ошондой эле Ак-Тал аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча 3 демилге сунушталды:

  • Муниципалдык жолдорду оңдоп-түзөө
  • Таштанды полигонун түзүү
  • Спортту өнүктүрүү.

Өткөрүлгөн окуунун натыйжасында катышуучулар жарандардын бюджеттик процессте катышуусунун максаттары, тапшырмалары, укуктук базасы, жергиликтүү бюджеттин түзүмү жана алардын булактары тууралуу билим алып, бюджеттин киреше бөлүгүнө кирген салык төлөмдөрүнүн кээ бир түрлөрүн эсептөө жана аларды көбөйтүү жолдорун иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ болушту.

Версия для печати: print

Иш-чаралар