Жалал-Абаддагы 8 айыл аймагы эл аралык уюмдардын сынагын жеңип алды

Бул тууралуу долбоордун коомдук байланыш жана маалымат адиси Нургүл Жаманкулова аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго маалымдады.

Булак: "Баракелде"

"Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында 2012-2015-жылдары Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ар бир районуна пилоттук айылдык аймак тандап алуу сынагы болуп, анын жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу долбоордун коомдук байланыш жана маалымат адиси Нургүл Жаманкулова аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго маалымдады.

Н.Жаманкулованын айтымында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук айылдык аймактарды тандоо боюнча сынактык комиссия 2012-жылдын 15-июнунда айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн 58 даана, тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусундагы айыл аймактардын 41 жана Ысык-Көл облусундагы айыл аймактардан 17 табыштаманы карап, талдап, ар бирин табыштаманын сапаты, жергилктүү өз алдынча башкаруу органынын активдүүлүгү, жамааттын активдүүлүгү, башка донолор менен кызматташкандыгы өңдүү талаптардын негизинде карап чыгып жана ар бир табыштаманы баллдык система боюнча баалап чыгып, натыйжада, Пилоттук муниципалитет катары Жалал-Абад областы боюнча Көк-Таш айыл аймагы (Ала-Бука районунан), Жаңы-Жол айыл аймагы (Аксы районунан), Бешик–Жон айыл аймагы (Базар-Коргон районунан), Сакалды айыл аймагы (Ноокен районунунан) Багыш айыл аймагы (Сузак районунан), Бел-Алды айыл аймагы (Токтогул районунан), Тогуз-Торо айыл аймагы (Тогуз-Торо районунан) жана Сумсар айыл аймагы ( Чаткал районунан) тандалып алынган.

«Бул долбоор жеңип чыккан айыл аймактардын коомчулук, жамаат менен биргеликте социалдык, экономикалык маселелери менен ишке ашырууда КР өкмөтүнүн Аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча секторунун жана Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен Кыргызстандагы башка муниципалитеттер арасында пилоттук айыл аймактары менен иштер тууралуу коомчулуккка маалыматтарды жайылтып камсыздайбыз, деди Н.Жаманкулова. 

Версия для печати: print

Иш-чаралар