Муниципалдык веб-сайтты кантип башкарабыз?

Муниципалдык веб-сайтты кантип башкарабыз?

Бул суроого жооп Нарын шаарындагы Борбордук Азаия Унвиерситетинин кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин имаратында өткөрүлүп жаткан семинардын жүрүшүндө берилет.

2018-жылдын 17-18-октябрь күндөрү Нарын шаарында Муниципалдык веб-сайтты башкаруу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган практикалык семинар болуп өтөт. Иш-чарага Нарын облусунун Учкун, Чаек, Кара-Суу, Ак-Муз жана Ак-Тал айылдык аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн адистери жана мектеп өкүлдөрү катышат. 

“2018-жылдын жаз мезгилинде Нарын облусунун 5 айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде муниципалдык веб-сайттар түзүлүп, аларды башкаруу боюнча атайын семинар уюштурулган. Веб-сайттарды ачуудагы негизги максат – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, айыл аймактарда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жергиликтүү калкка өз убагында маалымат берүү жана жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо. Бул жолу уюштурулуп жаткан иш-чара айыл өкмөттөргө колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө. Ошондой эле жаштардын өнүгүүсүн колдоо, жергиликтүү жамааттын дараметин жогорулатуу жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен кызматташуусун мындан аркы жакшыртууга көмөктөшүү максатында, айыл өкмөткө жакын жайгашкан орто мектептердин информатика мугалимдеринин жана жогорку класстардын  окуучуларынын да тартуу сунушталды, – дейт Сабина Градваль, Долбоордун жетекчисинин орун басары.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар муниципалдык веб-сайттардын модулдары жана бөлүмдөрү менен таанышып чыгып, сайтка жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды, тексттерди, тиркемелерди, сүрөттөрдү даярдоо жана кайчылаш шилтемелерди коюу ыкмаларын үйрөнүшөт. Жайгаштырууга даяр болгон материалдарды веб-сайтка жайгаштыруу процесси семинардын практикалык бөлүгүндө ишке ашат.

Семинар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Версия для печати: print

Иш-чаралар