“Жергиликтүү демилге 2018” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды

“Жергиликтүү демилге 2018” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды

Сынактын жалпы байге фонду 700 000 сомдун тегерегинде болуп, ал каражаттар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору тарабынан берилген.

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын

ЧЕЧИМИ

15-октябрь, 2018-жыл

Конкурстук комиссиянын курамы:

  1. Исалиева В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси;
  2. Гайбулина Р.М., “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору;
  3. Мусаева А.М.,  Долбоордун өкүлү;
  4. Исмаилов А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;

Конкурстук комиссия пилоттук региондордун укугу бар катышуучуларынан түшкөн 75  өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ: 

  1. Төмөнкү өтүнмөлөр “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
  • 1-орун – “Башаламан ыргытылган таштанды жеринде эс алуу үчүн сейил бак”, өтүнмөнүн ээси Жунусова Кымбат – Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак ААнын жергиликтүү жамаатынын лидери – 150 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 2-орун – “Жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу”, өтүнмөнүн ээси Токтосунова Акбермет – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү АА – 100 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 3-орун – “Балдар үчүн парк”, өтүнмөнүн ээси Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  • 3-орун – “Үй-бүлө, мектеп жана коом”, өтүнмөнүн ээси Юлдашева Р.Н. – орто мектептин мугалими, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк АА – 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин.
  1. Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 13 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер берилсин:
  • “Таза суу – жашоо булагы” (өтүнмөнүн ээси – Насыбалы уулу Каныбек, АӨ башчысы),  Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Балдар үчүн аянтча” (өтүнмөнүн ээси – Исаева Г., жергиликтүү жамааттын лидери),  Казан-Куйган АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Мыкты көчө” (өтүнмөнүн ээси – Конурбаев Б., АӨ адиси),  Ылай-Тал АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району;
  • “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээлери – Жусупова Ч., бала бакчанын директору; Исаков О., айылдык кеңештин депутаты),  Көк-Жар  АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • “Айылдын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу” (өтүнмөнүн ээси – Өмүркулов Б., жергиликтүү жамааттын лидери), Ат-Башы АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Жаштардын лидердик сапаттары” (өтүнмөнүн ээлери – Акжолова М., Маликов Т., АӨ адистери), Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Сейил багын жаштар үчүн эс алуу жайына айландыралы” (өтүнмөнүн ээси – Абдраимов Ж., жергиликтүү жамааттын лидери), Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээси – Кабылбек уулу Марлис, жаштардын лидери), Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
  • “Жаштар радикализмге жана экстремизмге каршы” (өтүнмөнүн ээси – Атаханов Ш., окутуучу),  Нариман АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Тарыхты окуп, өткөн чакты биле жүрөлү” (өтүнмөнүн ээси – Бостонбаева Т., бала бакчанын директору),  Кызыл-Суу АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Айылды өнүктүрүү фонду калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүүдө” (өтүнмөнүн ээси – Акматалиев Н., фонддун жетекчиси) Куршаб АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Балдар, ата-энелер жана жамаат – келечекти бирге курабыз” (өтүнмөнүн ээси – Исакова  У., бала бакчанын директору), Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
  • “Жолдордун ремонту” (өтүнмөнүн ээси – Байматова Э., мугалим), Баш-Кайыңды АА, Нарын облусунун Ат-Башы району.
  1. Төмөнкү жергиликтүү демилгелерди белгилеп, 6 өтүнмөгө 12 500 сом көлөмүндө шыктандыруучу-сооротуучу байгелер берилсин:
  • “Жайлоодогу бала бакча” (өтүнмөнүн ээси – Абдукаримова А., бала бакчанын директору), Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү” (өтүнмөнүн ээси – Тилекматова А., клубдун башчысы), Учкун АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Тазалык – маданияттуу коомдун белгиси” (өтүнмөнүн ээси – Ильгелдиева М., мугалим),  Мангыт АА, Ош облусунун Араван району;
  • “Айылдын өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” (өтүнмөнүн ээлери – Арпачиева С., Касымбекова Э., АӨ адистери), Он-Арча АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Айылды өнүктүрүү” конкурсу (өтүнмөнүн ээси – Омуров А., АӨнүн жооптуу катчысы),  Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Аялдарды бизнес жасоого тартуу” (өтүнмөнүн ээси – Гоипов У., жергиликтүү жамааттын лидери), Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району.
Версия для печати: print

Иш-чаралар