"Жергиликтүү демилге - 2018" регионалдык форуму Нарын шаарында болуп өттү

Форумдан түз алып баруу Facebook социалдык тармагында жүрдү (@DPIKyrgyzstan), ал эми таркатылуучу материалдардын бардыгы эектрондук түрдө жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/189.html

2018-жылдын 22-ноябрында Нарын шаарында “Жергиликтүү демилге – 2018” темасында регионалдык форуму өз ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандын аймагында 2011-жылдан бери аткарылып келе жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) өткөрдү. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (#SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, кыргызстандык мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

 Форумдун жүрүшүндө Нарын облусунун ЖӨБ органдары, жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулар өздөрүнүн аймактарында ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу аныкталып, андан соң ишке ийгиликтүү ашырылган жергиликтүү демилгелерди аткаруу тажрыйбалары тууралуу кесиптештерине айтып беришти. Мындан сырткары иш-чарада Бишкек шаардык өнүгүү агенттигинин өкүлдөрү жарандык демилгелер менен бөлүшүштү.

Иш-чарага Долбоордун расмий өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Асизов Касен, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГАМСУМО) Нарын облусундагы расмий өкүлү Кайрат Турсунов жана КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Кадырали Иманов да катышып, катышуучуларга кеңештерин жана каалоо-тилектерин айтышты. 

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар бир тараптуу гана маалымат албастан, өздөрү да чакан топтордо иштеп, аларды тартуулаганга жетишишти.

Форумдан түз алып баруу Facebook социалдык тармагында жүрдү (@DPIKyrgyzstan), ал эми таркатылуучу материалдардын бардыгы эектрондук түрдө жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/189.html 

Форумдун соңунда Нарын облусунан аныкталган үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына дипломдор, сертификаттар жана байгелер тапшырылды. 

“2018-жылы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында үч конкурс өткөрүлдү: “Жергиликтүү демилге 2018”, “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу”. Үч конкурстун жалпы байге фонду 1 миллион 420 миң сомду түзүп, ал каражаттар Швейцария Өкмөтү тарабынан камсыздалды, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Үч конкурсту бириктирген бирден-бир максаты - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, ал демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаларды андан ары кеңири жайылтуу. Форумдун жүрүшүндө презентациялар тартууланган соң, катышуучулар аларды талкуулап, чакан топтордо иш алып барышат. Өз кезегибизде биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.

2018-жылы Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун байге фонду 750 000 сомду түздү. Баары болуп конкурска  облустан 75 өтүнмө түштү. Конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн.

Конкурстук комиссиянын курамы: КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын, Долбоордун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү ар бир өтүнмөнү жекече карап чыгып, баа берип, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрүштү:

  • 1-орун – “Башаламан ыргытылган таштанды жеринде эс алуу үчүн сейил бак”, өтүнмөнүн ээси Жунусова Кымбат – Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак ААнын жергиликтүү жамаатынын лидери – 150 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болду.
  • 2-орун – “Жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу”, өтүнмөнүн ээси Токтосунова Акбермет – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү АА – 100 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болду.
  • 3-орун – “Балдар үчүн парк”, өтүнмөнүн ээси Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап АА – 50 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болду.
  • 3-орун – “Үй-бүлө, мектеп жана коом”, өтүнмөнүн ээси Юлдашева Р.Н. – орто мектептин мугалими, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк АА – 50 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болду.

Ошондой эле Конкурстук комиссия төмөнкү 13 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

  • “Таза суу – жашоо булагы” (өтүнмөнүн ээси – Насыбалы уулу Каныбек, АӨ башчысы),  Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Балдар үчүн аянтча” (өтүнмөнүн ээси – Исаева Г., жергиликтүү жамааттын лидери),  Казан-Куйган АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Мыкты көчө” (өтүнмөнүн ээси – Конурбаев Б., АӨ адиси),  Ылай-Талаа АА, Ош облусунун Кара-Кулжа району;
  • “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээлери – Жусупова Ч., бала бакчанын директору; Исаков О., айылдык кеңештин депутаты),  Көк-Жар  АА, Ош облусунун Ноокат району;
  • “Айылдын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу” (өтүнмөнүн ээси – Өмүркулов Б., жергиликтүү жамааттын лидери), Ат-Башы АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Жаштардын лидердик сапаттары” (өтүнмөнүн ээлери – Акжолова М., Маликов Т., АӨ адистери), Жазы АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Сейил багын жаштар үчүн эс алуу жайына айландыралы” (өтүнмөнүн ээси – Абдраимов Ж., жергиликтүү жамааттын лидери), Чаек АА, Нарын облусунун Жумгал району;
  • “Көпүрөнүн курулушу” (өтүнмөнүн ээси – Кабылбек уулу Марлис, жаштардын лидери), Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;
  • “Жаштар радикализмге жана экстремизмге каршы” (өтүнмөнүн ээси – Атаханов Ш., окутуучу),  Нариман АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Тарыхты окуп, өткөн чакты биле жүрөлү” (өтүнмөнүн ээси – Бостонбаева Т., бала бакчанын директору),  Кызыл-Суу АА, Ош облусунун Кара-Суу району;
  • “Айылды өнүктүрүү фонду калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүүдө” (өтүнмөнүн ээси – Акматалиев Н., фонддун жетекчиси) Куршаб АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Балдар, ата-энелер жана жамаат – келечекти бирге курабыз” (өтүнмөнүн ээси – Исакова  У., бала бакчанын директору), Чоң-Алай АА, Ош облусунун Чоң-Алай району;
  • “Жолдордун ремонту” (өтүнмөнүн ээси – Байматова Э., мугалим), Баш-Кайыңды АА, Нарын облусунун Ат-Башы району.

Буга кошумча комиссия дагы 6 өтүнмөнү белгилеп, 12 500 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • “Жайлоодогу бала бакча” (өтүнмөнүн ээси – Абдукаримова А., бала бакчанын директору), Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;
  • “Элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү” (өтүнмөнүн ээси – Тилекматова А., клубдун башчысы), Учкун АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Тазалык – маданияттуу коомдун белгиси” (өтүнмөнүн ээси – Ильгелдиева М., мугалим),  Мангыт АА, Ош облусунун Араван району;
  • “Айылдын өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” (өтүнмөнүн ээлери – Арпачиева С., Касымбекова Э., АӨ адистери), Он-Арча АА, Нарын облусунун Нарын району;
  • “Айылды өнүктүрүү” конкурсу (өтүнмөнүн ээси – Омуров А., АӨнүн жооптуу катчысы),  Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;
  • “Аялдарды бизнес жасоого тартуу” (өтүнмөнүн ээси – Гоипов У., жергиликтүү жамааттын лидери), Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району.

Байге фонду 450 000 сомду түзгөн “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” темасына конкурс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти сактоого умтулуусун колдоо максатында өткөрүлдү.

Конкурска Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн 24 өтүнмө түшүп, анын шарттарына ылайык катышуучулар 2019-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүшү керек болчу. Маалымат өнөктүгүнүн сапаты, берилип жаткан маалыматтын толуктугу, даярдалган материалдардын жеткиликтүүлүгү жана калк менен кайтарым байланыш – булар баалоонун критерийлери болгон. Ошону менен бирге жашыруундуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан объективдүү баа берилишин камсыздоо максатында бардык конкурстук өтүнмөлөр иштелип чыгып, муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген.

Конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, байгелүү орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

  • Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө 100 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 1-орун;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө 80 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 2-орун;
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 70 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 3-орун.

Төмөнкү беш айыл өкмөтүнүн ар бирине 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылды:

  • Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө;
  • Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнө;
  • Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнө;
  • Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө;
  • Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнө;
  • Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнө;
  • Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнө;
  • Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө.

2018-жылы байге фонду 220 000 сомду түзгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу” конкурсу. Конкурс бейөкмөт уюму катары катталган жана Ош менен Нарын облустарындагы муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында өткөрүлүп, анын шарттарына ылайык ар бир уюм бюджеттик маалыматты ачыкка чыгаруу, жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу, жарандык коомдун ролун жогорулатуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калктын ортосундагы ишенимди жогорулатуу чөйрөсүндө өз тажрыйбасын жана жетишкендиктерин көрсөтүп бериши керек болчу. Конкурска түшкөн 10 өтүнмөнү карап чыккандан кийин Конкурстук комиссия жыйынтык чыгарып, ага ылайык төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

  • 1-орун – “ЖӨБ органдарынын ишин баалоо. Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо”, “Нарын муниципалдык ресурстук борбору” коомдук фонду, 80 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;
  • 2-орун – “Жатакананын жашоочуларын мобилдештирүү жана бюджеттик процесске тартуу”, “Жарандык демилгелерди колдоо лабораториясы” коомдук фонду (Ош ш.), 50 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;
  • 3-орун – “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жаштарды кошкондо, жарандардын катышуусун жогорулатуу”, “Доболу жаштары” коомдук бирикмеси, 30 000 сом өлчөмүндө байге берилсин;

Мындан сырткары, төрт өтүнмөгө 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылды:

  • “Ата-энелердин жана окуучулардын мектептин бюджетин талкуулоого катышуусу. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу”, “Ак-Муз-Агартуу” коомдук бирикмеси; 
  • “Бюджеттик процесске гендерди эсепке алуу менен, калктын бардык катмарларынын катышуусун камсыз кылуу”, “Ак ниет – 2005” активисттердин коомдук бирикмеси; 
  • “Бюджеттик процесске гендерди эсепке алуу менен, калктын бардык катмарларынын катышуусун камсыз кылуу”,  “Большевик ынтымагы” коомдук бирикмеси; 
  • “Жарандарды жергиликтүү бюджетти талкуулоого тартууда Ноокат районунун муниципалитеттерине колдоо көрсөтүү”, “Жарандык коомду колдоо борбору – Ноокат” коомдук бирикмеси.

Жеңүүчүлөрдүн жана шыктандыруучу байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, байге фондунун каражаттарына жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынып, форумдун жүрүшүндө өз ээлерине тапшырылды.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар