• Биринчи бет -
  • Жаңылыктар -
  • Маңгыт аймагынын ЖӨБ органдары 30 балага мектепке чейинки билим алуулары үчүн шарт түзүп беришти

Маңгыт аймагынын ЖӨБ органдары 30 балага мектепке чейинки билим алуулары үчүн шарт түзүп беришти

Маңгыт аймагынын ЖӨБ органдары 30 балага мектепке чейинки билим алуулары үчүн шарт түзүп беришти

2019-жылдын 1-февралында Ош облусуна караштуу Араван районунун Маңгыт айылдык аймагында “Балдардын келечеги – биздин колубузда” деген аталыштагы чакан долбоордун ийгиликтүү аякталышына арналган иш-чара болуп өттү. Аталган чакан долбоордун алкагында Төлөйкөн айылында бош жаткан имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, анын натыйжасында “Саламат” бала бакчасына кошумча тайпа ачылды.

​Бала бакчанын жетекчиси Салтанат Мамаеванын айтымында, азыркы учурда бакчада 4 жаштан 6 жашка чейинки жаш курактагы 100 бала таалим-тарбия алып, алардын ата-энелери жана түрдүү долбоорлордун жардамы менен имараттын чатыры жаңыланып, балдар оноочу аянт курулуп, 2 ярустуу уктоочу кроваттар алынган. Бирок мектепке чейинки билим алууга муткаж болгон балдардын саны дагы да арбын болгондуктан, кошумча тайпа ачуу зарылдыгы айыл аймагынын тургундарынын катышуусунда өткөн жыйында айтылып чыгып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду. Натыйжада бул чакан долбоор атайын түзүлгөн демилгечи топ тарабынан даярдалып, Швейцария өкмөтү тарабынан SDC акрылуу каржыланып, кыргызстандык уюм Өнүктүрүү саясат институту аткарган  “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына жиберилген. Комиссиянын чечими менен долбоор колдоо таап, 1 миллион сом гранттык каражаттары бөлүнгөн.  Сынактын шартына ылайык, жергиликтүү бюджеттен дагы каражаттар бөлүнүшү керек болчу. Маңгыт айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаат менен биргеликте алып барган иш аракеттеринин натыйжасында 10% өлчөмүндө талап кылынган өздүк салым дээрлик 63 пайызга жогорулап, ал сумма 639 942 сомго барабар болду.

Ошентип, Маңгыт айылдык аймагынын Төлөйкөн айылындагы “Саламат” бала бакчасына кошумча тайпа ачууга 1 миллион 639 миң 942 сом каралып, анын алкагында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамга ылайык, атайын окуудан өткөн айыл өкмөтүнүн тиешелүү адиси бул иш аракеттерди өткөрдү. Натыйжада бош жаткан имараттын чатыры толук жаңыланып, жыгач эшик-терезелери пластикке алмаштырылып, жылуу полдор жана жарыктандыруу камсыздалып, толук капиталдык оңдоодон өттү. Учурда жаңы ачылган тайпага мектепке чейинки жаш курактагы 30 баланы кабыл алуу иштери башталды.

Версия для печати: print

Иш-чаралар