Ак-Тал аймагында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Ак-Тал аймагында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Нарын облусунун Ак-Тал жана Ак-Муз аймактарынын айыл өкмөт башчылары өз тургундарынын алдында 2018-жылы аткарылган иш аракеттери тууралуу отчетторун беришти.

2019-жылдын 20-февралында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айыл аймагында Биргелешкен аракеттер планынын (БАП) 2018-жылда аткарылышы боюнча аталган аймактын айыл өкмөт башчысынын коомчулук алдында жылдык отчеттук жыйыны болуп өттү. Жыйынга токсондой адам катышып, алардын 22син аялдар түздү. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк алдында ачык-айкындуулукту жана маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган коомдук иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын үйрөнүү максатында, аталган жыйынга жергиликтүү тургундардан сырткары Жумгал районунун Чаек айыл аймагынан 4 өкүл, Ак-Талаа районунан Жаңы-Талап айыл өкмөтүнөн 2 өкүл катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы жыйындын катышуучуларына Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, кыргызстандык бейөкмөт мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында иштелип чыккан Биргелешкен аракеттер планынын 2018-жылы аткарылышы, анын жүрүшүндөгү кыйынчылыктар, натыйжалар жана 2019-жылга карата пландаштырылган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берип өттү:

Ак-Тал айылдык аймагынын Биргелешкен аракеттер планы айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана демилгелүү топ менен бирдикте иштелип чыгып, айылдык кеңештин №7/5-токтому менен 2017-жылдын 29-ноябрында бекитилген. 2018-2019-жылдарга Ак-Тал АА боюнча БАПка кошулган артыкчылыктуу маселелерге төмөнкүлөр камтылган:

  1. Ички жолдорго шагыл  төгүү.
  2. А.Жумалиев  көчөсүнө  тротуар  салуу.
  3. Мектепке  чейинки  балдарды  тарбиялоого шарт түзүү.
  4. Жаш  өспүрүмдөрдүн  бош  убакыттарын  туура  эмес  терс  жактарга  пайдалануулары.
  5. Айылдык клубдун жылытуу системасы жок болгондуктан ар  кандай иш-чаралар өткөрүлбөй  калуусу.
  6. А.Турдакунов  атындагы  мектептин  айланасын  тосуу.
  7. И.Жусубалиев  жана  Ө.Алыбаев  көчөлөрүнүн  жашоочуларынын  таза  сууга  жетпегендиги.
  8. Окурмандар  үчүн  шарт  түзүү.
  9. И.Жусубалиев  жана  Ө.Алыбаев  көчөлөрүндө  жарыктын  жоктугу.
  10. Бюджеттин  жетишсиздиги,  айыл өкмөтүнүн  имаратынын  жылытуу системасынын  жоктугунан  кызматкерлер  үчүн  шарттын  жоктугу.

Кийинки кезекте Ак-Тал айыл аймагынын Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун 2018-жылы аткарган иш аракеттери тууралуу  топтун төрайымы Самара Алакованын баяндамасы болду. 

“Бул жыйын жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын бири болгондуктан, маалымат өнөктүгүн өткөрүү бизге анчейин кыйын деле болгон жок.  Катышуучулар тарабынан менин баяндамам бүткөн соң тактоочу суроолор жана бир нече сунуштар келип түштү. Албетте суроолорго жооптор берилип, сунуштар мүмкүн болушунча эске алынат. Бул багытта биз өз ишибизди уланта беребиз. Тилекке каршы так ушул күнү Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына карата райондун аймактарында ардагерлерди сыйлоо жана курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлгөндүктөн, коңшулаш жайгашкан аймактардан ЖӨБ өкүлдөрү келип катыша алышкан жок” – деди айыл өкмөт башчысы Эркин Сатаров.

20-февраль күнү ушундай эле иш-чара облустун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айыл аймагында да болуп өттү.  

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар