Жазы аймагында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жазы аймагында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жыл жыйынтыгы Жазы айылдык аймагынын ЖӨБ органдары тарабынан уюштурулган атайын иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы тарабынан тартууланды.

2019-жылдын 19-мартында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айылдык аймагында да 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүүдө.

Жазы айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан уюштурулган бул жыйынга жергиликтүү калктын өкүлдөрү, айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттары, айылдык аймактын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, активисттер, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ) мүчөлөрү, Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы, райондук кызматтардын жана мекемелердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты катышууда. 

Жыйындын жүрүшүндө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов катышуучуларга 2018-жылы аткарылган иш аракеттер тууралуу баяндап берип, 2019-жылы пландалган иш-чаралар тууралуу айтып өттү. Мындан сырткары, Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун колдоосунда жарык көргөн айылдык аймактын ички Конституциясы болгон Жергиликтүү жамааттын Уставынын басылмасын тартуулады. 

"Өзүңүздөр билгендей, жыйындын тартиптерин да бекиткенбиз. Аларга ылайык, кайсы жерде жыйын болуп өтсө, канча адам катышуусу керек, жана эгер ошол санга жетпей калса, бул жыйын мыйзамсыз деп табылат дегенбиз. Элдик жыйынга 120 адамдан жогору катышуусу керек деп бекиткенбиз. <...> Бул Устав айыл башчыларга, мекеме-уюмдарга, айылдык сотуна таркатылат. Ошондой эле сиздер айыл өкмөткө келип, Уставды алып окусаңыздар болот, - деди Максатбек Ибраимов.

Айылдык аймакта аткарылып жаткан иш-чараларга мониторинг жана баалоо жүргүзгөн БМжБ тобунун баяндамасынан кийин Өзгөн районунун акими тарабынан Жазы айылдык аймагынын ЖӨБ органдарына жана БМжБ тобунун төрагасына райондун башка аймактарында да мониторинг жана баалоо топторун түзүү жана Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу боюнча атайын семинар өткөрүп берүү суранычы айтылды.

Версия для печати: print

Иш-чаралар