Ош облусунун Кызыл-Суу айылдык аймагы “Балдар – биздин келечегибиз” деген демилгеси менен 150 миң сом байге утуп алды

2017-жылдын 7-декабрында Ош шаарында “Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” темасында облустук форум өтөт[1]. Форумдардын ишине Чүй, Нарын жана Ош облустарынын айылдык аймактарынан жана чакан шаарларынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жана жарандык коомдун (ЖК) өкүлдөрү катышат. Иш-чараларды Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштуруп жатат.

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу жергиликтүү деңгээлде актуалдуу көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун карап чыгып, талкуулашат. 2017-жылы Чүй, Нарын жана Ош облустарынын бардык муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн үч конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо иш-чаранын өзөктүк учуру болот. Жеңүүчүлөргө жана конкурстун байге ээлерине дипломдор жана сертификаттар тапшырылат.

“2017-жылдын 20-октябрында жыйынтыгы чыгарылган бардык үч конкурстун жеңүүчүлөрү кесиптештерине өз долбоорлорун тартуулашат, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Форумдун презентациялык бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин натыйжалуу талкуу жүргүзүү жана форумдун максаттарына жетүү үчүн топтордо иштөө пландалган. Биздин максатыбыз – катышуучуларга жеңүүчү долбоорлор катары чыгып жаткан мыкты практиканын мисалдарын жеткирүү. Биз конкурстардын катышуучуларына мисалдарды терең изилдеп чыгып, аларды өздөрүндө ишке ашырып көрүү мүмкүнчүлүгүн беребиз”.

[1] Ушундай эле форумдар буга чейин 27-ноябрда Бишкекте жана 30-ноябрда Нарында болуп өткөн.

Версия для печати: print

Иш-чаралар