Нарын облусунун элеттик муниципалитеттердин жашоочулары жергиликтүү жамааттардын Уставдарын талкуулашууда

2018-жылдын 19-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында айылдык чогулуш өтөт. Эртең мененки саат 9да баштала турган бул чогулуш маалында жергиликтүү жамааттардын Уставын (ЖЖ Уставы) талкуулоо жана аны кабыл алуу негизги темага айланат. Чогулуш маалында Ак-Тал айылдык аймагынын ЖӨБ органы май айында ЖЖ Уставынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жана калк менен жолугушуулар маалында түшкөн сунуштарга жүргүзүлгөн юридикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырышат.

Тажрыйба алмашуу иш сапарына Нарын облусунун 16 муниципалитетинин айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышат. Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору[1] (мындан ары – Долбоор) тарабынан уюштурулду.

“Бул талкуу өтө маанилүү, себеби жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) Уставы – бул жамаат мүчөлөрү ортосунда, жамаат менен айыл өкмөттүн, жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган жергиликтүү жамааттын документи. Үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып Долбоор Ош жана Нарын облустарындагы 15 максаттуу муниципалитеттердин ар биринде өздөрүнүн Уставын кабыл алуу жана жергиликтүү жамаатты тартуу менен Уставдын долбоорун иштеп чыгуу, талкуулоо этаптарында ЖӨБ органдары үчүн коштоо иштерин жүргүзүп келатат[2]. Ошондой эле түшкөн сунуштарга юридикалык экспертиза жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыктары чогулуш маалында калкка берилет. Уставдарды КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттап, калкка маалымат берүү менен жергиликтүү жамааттардын Уставдарын киргизүү боюнча иш-чаралардын комплекси жыйынтыкталат”, - деп айтты Долбоордун адиси Танат Осмонкулов.

Чогулуш жыйынтыкталгандан кийин Ак-Тал айылдык аймагынын ЖӨБ органдары сапардын катышуучулары менен коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Иш-чара жөнүндө толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Джаманкулова, тел.: (0770) 771-711, (0555 / 0500) 313-385, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

 

______________

1 Долбоордун иш аракеттери жарандардын чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдук финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүүгө багытталган.

2 Долбоор 2017-жылдын апрель айынан бери Ош жана Нарын облусундагы 15 максаттуу элеттик муниципалитеттери менен кызматташып келатат. Бул муниципалитеттер конкурстун негизинде тандалып алынган. Толук маалыматты Долбоордун сайтынан таба аласыз: www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар