Ош облусунун 23 айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын (ЖӨБ) өкүлдөрү өз ара тажрыйба алмашышат

2018-жылдын 26-июну.
Кыргызстан, Ош
ПРЕСС-РЕЛИЗ

Иш-чара 2018-жылдын 26-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын Падаван айылында өтөт. Тажрыйба алмашуу иш сапарына Ош облусунун 23 муниципалитетинин айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин төрагалары жана депутаттары катышат. Иш-чаранын негизги максаты – Шарк айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен сапардын катышуучулары менен бөлүшүү.

Тажрыйба алмашуу сапары Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору[1] (мындан ары – Долбоор) алкагында уюштурулууда.

“Тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган бул иш-чара Шарк айылдык аймагынын жергиликтүү тургундарынын катышуусу менен өтө турган жергиликтүү жамааттын Уставын (ЖЖ Уставы) талкуулоо жана аны кабыл алуунун мисалында өтөт. Анын жүрүшүндө Шарк аймагынын ЖӨБ органдары үстүбүздөгү жылдын май айында Долбоор тарабынан Ош жана Нарын облустарындагы 15 максаттуу муниципалитеттердин ар биринде уюштурулган ЖЖ Уставынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жана калк менен жолугушуулар маалында түшкөн сунуштарга жүргүзүлгөн юридикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырышат. Бул талкуу аталган аймактын тургундары үчүн да өтө маанилүү, анткени жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) Уставы – бул жамаат мүчөлөрү ортосунда, жамаат менен айыл өкмөттүн, жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган жергиликтүү жамааттын документи. Бүгүнкү коомдук иш-чаранын жүрүшүндө Шарк аймагынын жашоочулары өзүнүн жергиликтүү Уставын карап чыгып, өз сунуштарын, сын-пикирлерин билдире алышат. Устав кабыл алыган соң, аны КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттап, калкка маалымат берүү менен жергиликтүү жамааттардын Уставдарын киргизүү боюнча иш-чаралардын комплекси жыйынтыкталат, - дейт Сабина Градваль, Долбоордун жетекчисинин орун басары.

Иш-чара жөнүндө толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Джаманкулова, тел.: (0770) 771-711, (0555 / 0500) 313-385, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

 

_______________________

[1] Долбоордун иш аракеттери жарандардын чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдук финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүүгө багытталган.

Версия для печати: print

Иш-чаралар