Үч конкурстун жеңүүчүлөрү өз байгелерин алышат

Үч конкурстун жеңүүчүлөрү өз байгелерин алышат

2018-жылдын 15-ноябрында Ош шаарында “Жергиликтүү демилге – 2018” темасында регионалдык форум өтөт.

Иш-чараны Кыргызстандын аймагында 2011-жылдан бери аткарылып келе жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурууда. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, кыргызстандык мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

 Форумдун жүрүшүндө Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулар өздөрүнүн аймактарында ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу аныкталып, андан соң ишке ийгиликтүү ашырылган жергиликтүү демилгелерди аткаруу тажрыйбалары тууралуу кесиптештерине айтып беришет. Мындан сырткары иш-чарада Бишкек жана Баткен шаарларынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жарандык демилгелер жана мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы коомдук-пайдалуу долбоорлор менен бөлүшүшөт. Форумдун соңунда Ош облусунан аныкталган үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына дипломдор, сертификаттар жана байгелер тапшырылат. Иш-чаранын расмий өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү да форумга катышышат. 

“2018-жылы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында үч конкурс өткөрүлдү: “Жергиликтүү демилге 2018”, “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу”. Үч конкурстун жалпы байге фонду 1 миллион 420 миң сомду түзүп, ал каражаттар Швейцария Өкмөтү тарабынан камсыздалды, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Үч конкурсту бириктирген бирден-бир максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, ал демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаларды андан ары кеңири жайылтуу. Форумдун жүрүшүндө презентациялар тартууланган соң, катышуучулар аларды талкуулап, чакан топтордо иш алып барышат. Өз кезегибизде биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.

2018-жылы Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун байге фонду 750 000 сомду түздү. Баары болуп конкурска  облустан 75 өтүнмө түштү. Конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн.

Байге фонду 450 000 сомду түзгөн “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” темасына конкурс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти сактоого умтулуусун колдоо максатында өткөрүлдү. Конкурска Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн 24 өтүнмө түшүп, анын шарттарына ылайык катышуучулар 2019-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүшү керек болчу. Маалымат өнөктүгүнүн сапаты, берилип жаткан маалыматтын толуктугу, даярдалган материалдардын жеткиликтүүлүгү жана калк менен кайтарым байланыш – булар баалоонун критерийлери болгон. Ошону менен бирге жашыруундуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан объективдүү баа берилишин камсыздоо максатында бардык конкурстук өтүнмөлөр иштелип чыгып, муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген.

2018-жылы байге фонду 220 000 сомду түзгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу” конкурсу. Конкурс бейөкмөт уюму катары катталган жана Ош менен Нарын облустарындагы муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында өткөрүлүп, анын шарттарына ылайык ар бир уюм бюджеттик маалыматты ачыкка чыгаруу, жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу, жарандык коомдун ролун жогорулатуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калктын ортосундагы ишенимди жогорулатуу чөйрөсүндө өз тажрыйбасын жана жетишкендиктерин көрсөтүп бериши керек болчу. Конкурска түшкөн 10 өтүнмөнү карап чыккандан кийин Конкурстук комиссия жыйынтык чыгарды.

Жеңүүчүлөрдүн жана шыктандыруучу байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, байге фондунун каражаттарына жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынып, форумдун жүрүшүндө өз ээлерине тапшырылат.

Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар