Бишкекте жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айкындуулугуна көз салып туруусунун инновациялык аспабы – Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индекси (БАМИ) тартууланат

Бишкекте жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айкындуулугуна көз салып туруусунун инновациялык аспабы – Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индекси (БАМИ) тартууланат

2015-жылдын 27-февралында Бишкекте БӨУнун бюджеттик процесске катышуусундагы алдыңкы тажрыйба талкууланып, ЖӨБдүн мыкты өнөктөштөрү сыйлык алат.

БАМИ ЖӨБ органдары менен кызматташууга жана жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин айкындуулугун камсыздоого умтулган жарандык коом уюмдары үчүн жакшы жардамчы боло алат. Бүгүнкү күндө ондогон жарандык уюмдар бюджеттик маалыматты жарыялоого, бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө ж.б. жардам берүү менен кайсы бир деңгээлде ЖӨБ органдары менен кызматташып келатат. Бирок угуулар салтка айланып, коом жаңы механизмдерди күтүп калды. Ошондуктан 2015-жылдын 27-февралында Бишкекте БӨУнун бюджеттик процесске катышуусундагы алдыңкы тажрыйба талкууланып, ЖӨБдүн мыкты өнөктөштөрү сыйлык алат, ошондой эле жаңы аспапты – Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индексин колдонгонду үйрөнө алышат.

Сыйлыктарды “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” деп аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери алат. Сынак Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында өткөрүлгөн.

Сынактын шарттарына ылайык, ага катышууга БӨУ катары катталган жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылган.

Долбоордун ассистенти Алтынай Бузурманкулованын айтымында, бул сынак жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отчеттуулукка жетүүдө жарандардын укуктары үчүн күрөштө ийгиликке жетишкен жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларды шыктандыруу максатында өткөрүлгөн: “Биз жарандардын бюджеттик процесске чындап катышуусун жана бюджеттик айкындуулукка, ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүнүн түрдүү механизмдери БӨУ тарабынан жигердүү колдонулуп жатканын тастыктаган 12 мисалды алдык. Жеңүүчүлөр өз тажрыйбасы тууралуу айтып берет жана баалуу сыйлыктарды алышат”.

Бюджеттик процесске байкоо салууга БӨУ менен жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору инновациялык аспапты – Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индексин сунуштайт.

Долбоордун бюджеттер аралык мамилелер боюнча адиси Назира Тюлюндиева белгилегендей, индекс айкындуулуктун үч тарабын баалайт: бюджеттик документтердин курамы, толуктугу жана сапаты; бюджеттик маалыматтардын калк үчүн жеткиликтүүлүгү (маалыматты жарандар арасында жайылтуунун ыкмалары жана бул иштин майнаптуулугу); жарандардын бюджеттик процесске катышуусу. “ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өнөктөш муниципалитеттери Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүнө индексти эсептөөнүн натыйжалары тууралуу айтып берип, андан ары практикада колдонуу үчүн бул методика менен тааныштырышат”.

Толук маалымат алуу үчүн: Нургуль Жаманкулова, Өнүктүрүү саясат институтунун маалыматтык саясат боюнча адиси, тел.: 0312 976530 (кош. 107), моб.: 0770 771711, 0555 313385, njamankulova@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар