Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Швейцария Өкмөтү тарабынан техникалык жана гранттык жардам көрсөтүлөт

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Швейцария Өкмөтү тарабынан техникалык жана гранттык жардам көрсөтүлөт

Чүй облусунун 100дөн ашык айылдык аймагы эки жылдын ичинде өнүгүү жана жамаат менен диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

2015-жылдын 15-майында Бишкекте Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун II фазасынын расмий бет ачары өттү.

Бет ачарга КР Өкмөт аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Швейцария Элчилигинин, донордук жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, Чүй облусунун элеттик жана чакан шаардык муниципалитеттеринин башчылары катышты. Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын жетекчилери Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин карап чыгып, долбоор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Долбоордун бет ачарына арналган иш-чаранын расмий бөлүгүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев ачты. Ал катышуучуларга Долбоор менен кызматташуунун келечеги тууралуу айтып берип, максаттуу (пилоттук) муниципалитеттерди тандап алуунун критерийлерине токтолду. “Калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы диалогду орнотуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу - биздин долбоордун максаты, - деди Долбоордун жетекчиси. - Ошондой эле ЖӨБ органдарына техникалык колдоо көрсөтүлөт, анын ичинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн сынактын негизинде гранттык колдоо болот. Гранттык колдоонун өзгөчөлүгү – бул программа “инвестициялык машыктыргыч” катары кызмат өтөп, ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкаруунун көндүмдөрүн жакшыртууга жол берет”.

Өз баяндамасында КР Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруучулук-инспектордук иш жана ЖӨБ боюнча бөлүмдүн жетекчиси Алтынбек Эргешов Швейцария Өкмөтүнө эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында көп жылдардан бери жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө көрсөтүп келаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ийгиликтерине токтолуп, ал Долбоордун ЖӨБ чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга кошкон салымын да белгилеп өттү.

КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы директору Бакыт Рыспаев да аталган долбоорду ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институтуна ыраазычылыгын билдирди. “Тоң районунун акими болуп иштеп жатканда көптөгөн элеттик муниципалитеттер өзүнүн өзөктүк көрсөткүчтөрүн жакшыртып алган. Эми бизде өнөктөштүгүбүздү өнүктүрүүгө жана жакшыртууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр болот деп ишенем”, - деп белгиледи Мамагенттиктин директору.

Өз кезегинде Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кызматташтык боюнча директорунун орун басары Реми Дуивен Долбоор өткөн 3 жыл ичинде Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын элеттик муниципалитеттери менен кызматташкандагы ийгиликтерин жана жетишкендиктерин белгиледи. Ошондой эле ал Чүй муниципалитеттери менен да кызматташтык ушундай эле жемиштүү болот деген үмүтүн артты.

Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чүй облусунун аймагында иш баштаганына арналган бет ачардын катышуучулары менен 2011-2015-ж.ж. Долбоорду ишке ашырууда жетишилген натыйжаларга жана пландарга токтолду. “ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун ишке ашыруу бир нече фазага бөлүнгөн, - деди Н.Добрецова. – Долбоордун I фазасы Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун муниципалитеттеринде 2012-жылдын апрель айынан 2015-жылдын мартына чейин аткарылган. II фаза Чүй облусунун муниципалитеттерин 2015-жылдын апрелинен 2017-жылдын мартына чейинки мезгилде камтыйт. Андан кийин аларга Нарын жана Ош облусунун ЖӨБ органдары кошулат. Долбоордун командасынын атынан жаңы муниципалитеттер менен ийгиликтүү кызматташтыкка жана алардын жигердүү катышуусуна үмүт артабыз”.  

Андан кийин Долбоордун кызматкерлери Долбоордун максаттары жана тапшырмалары, аларга жетүүнүн жолдору жана механизмдери тууралуу маалымат беришип, ЖӨБО үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди КР ЖК, КР Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, КР Мамлекеттик кадр кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө изилдөө, талкуулоо жана чечүү боюнча маселелерди айтышты. Мындан тышкары бардык катышуучуларга Долбоор, анын максаттары жана тапшырмалары, мүмкүнчүлүктөрү жана ишке ашыруу пландары тууралуу маалыматты камтыган таратып берме материалдар тапшырылды; ар бир катышуу үчүн Долбоордун сынактары тууралуу жоболордун, табыштаманын формаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын жана башка документтердин акыркы редакцияларынын электрондук версиясы камтылган атайын компакт-диск даярдалды.

Бет ачардын соңунда катышуучулардан көптөгөн суроолор түштү. Алардын баарына Долбоордун кызматкерлери жооп берүүгө аракеттеништи.

Өз демилгеси менен сөз сүйлөгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка муниципалитетинин АӨ башчысы Мурат Байдылдаев “башында баары кыйналат, бирок жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт”, - деп эскертти. “Бул жерде кеп гранттык миллион сомдо эмес! Жок. Силер андан да көбүн аласыңар”, - деди ал.

Толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар